"Окуу китептерин өтө орой каталар менен чыгарып жатышат, эч ким көзөмөлдөбөйбү?" - деп окурман "Элдик кабар" бөлүмүнө кабарлады.
"Мен Токмок шаарында жашайм, мектепке бара элек кызым бар. Жолдошум Токмоктогу базардан кызыма окуу китебин сатып келиптир. Китептин аталышы эле ушундай ката менен жазылган, ичин айтпай эле коёюн. Бул китептерди ар ким өзү каалагандай эле басмаканадан басып чыгара беришеби? Билим берүү жана илим министрлиги көзөмөлдөбөйбү?" - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.