ЭЛДИК КАБАР: "Бишкекте унаасын атайын жайларга эмес, көк майсаңга токтоткон көпкөн айдоочулар көбөйдү" дейт окурман

"Бишкекте унаасын атайын жайларга эмес, көк майсаңга токтоткон көпкөн айдоочулар тажатты. Алар эч кимден коркпой калышты", - деп окурман "Элдик кабар" бөлүмүнө кабарлады.

Анын айтуусуна караганда, аталган унааны бүгүн, 26-апрелде саат 14:30дар чамасында Исанов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинен сүрөткө тартып алган.

"Бишкек шаарында акыркы учурда унаасын атайын жайларга эмес, көк майсаңга токтоткон көпкөн айдоочулар көбөйдү. Эч кимден тартынышпайт, айып салат деп да коркпойт. Аларды көзөмөлдөгөндөр да жок. Мисалы, сүрөттөгү унааны башка атайын жайларга токтотсо деле болот эле да. А булар сөзсүз көк майсаңдын үстүнө гана токтотушат", - деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Эрежени бузган айдоочу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
kechirmeni
2018-04-26 15:05:20
таап айып салсын
+3
Zainidin96
2018-04-26 16:15:55
Крутой машина екен конечно коркпойт бул да бир чиновник да
+3
akbala_12
2018-04-26 21:37:00
Буну лихач деп койооот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан