ЭЛДИК КАБАР: "Ала-Букада Өзбекстандын аскерлери Кыргыз жаранына ит агытып, аны өз аймагына алып кирип кетүүгө аракет кылды"


"Ала-Букада Өзбекстандын аскерлери Кыргыз жаранын өз аймагына алып кирип кетүүгө аракет кылды", - дейт окурман.

"Биздин үй чек ара аймагына жакын. Бүгүн, 29-апрелде саат 11:26 чамасында Кыргыз чек арасындагы жолдон Өзбек аскерлери ити менен өтүп баратып, суу коюп жаткан Кыргыз жаранына эч себепсиз итин агытып жиберишкен. Кыргыз жараны өзүн коргоо максатында итти таш менен уруп аскерлерге "Эмнеге агытып жибересиңер?!" деп кыйкырган. Аскерлер анын бул сөзүнө жооп кылып, Кыргыз жаранын өз аймагына алып кирип кетүүгө аракет кылган. Окуя болгон жерге жергиликтүү тургундар жана Өзбек, Кыргыз аскерлери да чогулушту. Маселе кандай чечилери белгисиз", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
buran12
2018-04-29 15:36:20
ХХХХХХХХ
+4
Azatbek.Svoboda.
2018-04-29 15:37:00
Кээчке министр алмаштырбай ушуга окшогон маселелерди чечишсе болмок! Буларың биздин мамлекетти мамлекет катары көрбөйт бир замандан артта калган кыштактай көрүшөт! Соке эми мени эл шайлады деп олтура бербей ушул жакты да чечип койсо болмок!
+13
Rifle_I
2018-04-29 15:45:15
Видеого тартып Шавхат Мирзиёевке жөнөтүп коюш керек. Солдаттарыңызды тартипке салып кобш керек деп. Ынтымакты жакшы көргөн президент экен.
Биздин президент азырынча ички тартипти карап жатат. Кийинки жылдардан чек арага өтсө керек.
+13
Stervashka
2018-04-29 16:08:06
Чымын олсо деле президентке асылмай экенда тооба. ХХХХХХХХХХ
-2
Nuri1988Elim2010
2018-04-29 16:31:28
Ой ий
0
nazarKGZ
2018-04-29 16:43:13
Чек араны озу жаап эле салыш керек
+6
Mavlyuda
2018-04-29 22:03:34
nazarKGZ,кошулам мен дагы
+3
Megapoliz
2018-04-29 17:13:15
ХХХХХХХХ кучтуу деп отура берсе 120 билермандар биздикилерди кылып кетет го булар Биз Мине булар Адам эмеспизби патриотор ХХХХХХХХХХХХХ айланып Сорош ушуну чечпесе иштебей эле койсун.
+1
Dembele84
2018-04-29 17:40:36
Аларга уже конумуш адат болуп калды,кааласа атат,кааласа суйроп кирип кетет.Биздикилер андай кылыштан коркот,озбектер жалоб кылса нары бери камап,иштен алып бир чара коруп жагынышат.
+2
010288
2018-04-29 19:31:51
ХХХХХХХХХ демек аскерлер жоопко тартылган эмес.Ошон учун кооп жатышат ХХХХХХХХ
+5
Alixan-Nookat.2015
2018-04-29 20:12:15
Бир экөөнү аңдып туруп кармап алып бетин тегиздеп салыш керек ошондо коркуп калышат. Президенти жакшы эле аракет кылып жатат коңшулаш өлкөлөр менен ынтымактуу бололу деп кээ бир айбандар мынтип мамилени бузуп жатат
+5
Mavlyuda
2018-04-29 22:05:09
Супер инфо чыгарганыңыздарга чексиз рахмат. Сиздер аркылуу ушул чек ара маселеси чечилсе кыйналган элдин сообуна каласыздар. Биздин жетекчилик аракет кылбай жүрүшөт
0
tekebaeva.Arzu
2018-04-29 22:28:50
Агытып дегенге тушунбодум
-1
Rifle_I
2018-04-30 01:17:27
tekebaeva.Arzu,итине буйрук берген тиште же звян келтир деп.
+2
Dastanke2014
2018-04-29 23:20:17
Ушул бийлик чек араны 1-маселеге коюш керек, кадр алмаштырып отура бербей.
+1
ninja82
2018-04-30 01:15:30
Кыргыз чиновниктеринде намыс деген калбады,чек араны ойлогон бир чиновник жок. Алардын ойлогону акча,кресло. Жуздогон кылым тарыхы бар кыргызым,кечээ чыккан с туугандарга басмырланып калдыкбы.
+1
admin_superstan
2018-04-30 10:32:20
Stervashka, buran12, Nazar76,
Улуттар арасында түшүнбөстүк жараткан билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан