Бишкек шаарында аялдама кулайын деп турат, качан кимдир бирөөнү басып калганча тура береби", - деп окурман бүгүн, 30-апрелде "Элдик кабар" бөлүмүнө кабарлады.
"Бишкек шаарынын Кулиев көчөсү менен Москва көчөсүнөн жогору бара жатканда Баткен базарына жакын жерде жайгашкан аялдама кулайын деп турат. Бир күнү кимдир бирөөнү басып кала электе оңдоп коюшса болмок", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.