Баткенде 300гө чукул адам катышкан жумуртка уруштуруу оюну өттү. Мындай маалыматты "Элдик кабар" бөлүмүнө окурман кабарлады.
"Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Кара-Жыгач айылында жумуртка майрамы өттү. Ага кары-жашы дебей 300гө чукул адам катышты. Бүгүн жамгыр жааганына байланыштуу адам аз келип калды, мурда мындан да көп келчү. Менин билишимче, бул майрам биздин айылда жана Ош облусунун бир гана районунда өтөт экен. Бизде СССРдин убагынан бери өткөрүлүп келет.
Оюндун эрежеси боюнча эки адам сууга бышырылган жумурткаларды уруштурушуп, кимдики сынып калса, ал уткан адамга жумурткасын берет. Бүгүн айрым адамдар оюндун жыйынтыгы менен 100дөн ашык жумурткаларды утуп алганын көрдүм", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.