"Оштогу борбордук көчөлөрдүн биринде сулуулук салонун тротуарга куруп алышкан, буга ким уруксат берген?" деп окурман "Элдик кабар" бөлүмүнө кабарлады.
"Ош шаарынын Апсамат Масалиев кең көчөсүндө сулуулук салонун тротуарга чыгарып куруп алышкан. Сулуулук салонуна чейин тротуардын туурасы 2 метрдей болот, ошол жерге келгенде туурасы 50 сантиметрдей эле болуп калат. Менин оюмча, бул эч кандай стандартка туура келбейт. Бул абалды тийиштүү тарап текшерип, калыбына келтирүүсүн өтүнөм. Ошондой эле аталган курулушка ким уруксат берсе, аны да жазага тартууну унутушпаса", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.