"Ош шаардык балдар ооруканасында таракандар балдар менен кошо уктап, бирге тамак жешет, санитардык абал сакталбайт, таракандар балдардын кулак-мурдуна кирип кетет", - деп окурман "Элдик кабар" бөлүмүнө кабарлады.
"Бул абалды айтып арызданган ата-энелерге, оорукананын кызматкерлери "корксоңор түндө светти өчүрбөй жаткыла, ошондо таракандар чыкпайт" дешет. Жугуштуу оорулар бөлүмүндө жаткан балдар айыкпай эле кайра ооруп чыгышууда. Бул оорукана курулгандан бери оңдоо-түзөө иштери жүргүзүлө элек окшойт. Санэпидемстанциядан келишти деп тамак, чай көтөрүп башкы дарыгердин кызматтык бөлмөсүнө дарыгерлер чуркап калышат. Андан көрө тазалык менен шартты бир аз карап коюшса болмок. Санэпидемстанциянын кызматкерлери башкы дарыгер менен чайлашканы эле келишеби, билбейм. Келгенден кийин оорукананын ичин жакшылап карап текшербейби.
Андан сырткары жугуштуу оорулар бөлүмүндө жалгыз эле электр меши иштейт. Ата-энелер чай кайнатып же тамак жылытыш үчүн 24 саат кезек күтүшү керек. Айтор, бул ооруканадагы балдар менен энелердин шартына караганда абактагы кылымышкерлердики дурус", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.