ЭЛДИК КАБАР: Кыргыз окуучусу химия боюнча Беларуста өткөн олимпиадада коло медалга ээ болду

Кыргыз окуучусу химия боюнча Беларуста өткөн олимпиадада коло медалга ээ болду. Бул тууралуу окурман "Элдик кабар" бөлүмүнө кабарлады.

"Беларустун Минск шаарында өткөн химия боюнча эл аралык "Менделеев" аталышындагы олимпиадада Кыргыз өлкөсүнүн атынан барган 11-класстын окуучусу Базарбаев Баяман коло медалга ээ болду. Олимпиадага жалпысынан Азербайжан, Армения, Болгария, Венгрия баштаган 22 мамлекеттин окуучулары катышты. Ал эми биздин өлкөнүн атынан 8 окуучу барып, бирөө байгелүү орунга илинсе, калгандары сертификаттарга ээ болушту", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
tannuru1503
2018-05-04 17:15:41
Кайсы мектептин окуучусу экенин да жазса болмок
+1
Ermekbai
2018-05-04 17:19:54
Келечектин Менделеевтери
+2
Snejana
2018-05-04 23:47:28
Молодец!ура!
0
sabirdinovich
2018-05-05 20:43:40
Талас Манас Ата лицейинин окуучусу, аты Ильяз деген бала
0
Crystal
2018-05-13 21:02:32
Азамат мугалимине рахмат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан