"Бишкек шаарындагы Ленин районунда жайгашкан Интергельпо көчөсүнүн абалы өтө начар", - деп окурман "Элдик кабар" рубрикасына жазды.
Анын айтымында, аталган көчөдөн жөө жүргүнчүлөр да, унаа айдагандар да кыйналат.
"Анткени жердин баары оюлуп, асфальттар талкаланып бүткөн. Же тротуар жок. Бул көчөдөн кичи автобус да жүрөт, алардын айдоочуларын, унааларын аяйсың. Чуңкурга түшүп-чыгып араң айдашат. Жаанда көлчүктөргө суу толуп, жөө жүргүнчүлөргө чачырайт. Айтор, шаардын көчөсү деп айтуу кыйын", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.