ЭЛДИК КАБАР: Окурман: "Кыргыз өлкөсүнөн 10 студент Ташкенттеги эл аралык конгресске катышууда"

Түркиянын Радио жана телеберүү боюнча жогорку кеңеши (RTÜK) тарабынан "10-Келечек менен байланыш" аттуу жаш журналисттердин конгресси 7-12-майда Өзбекстанда өтүүдө. Бул тууралуу окурман бүгүн, 9-майда "Элдик кабарга" маалымдады.

Анын айтымында, иш-чарага Түркияда журналистика тармагында окуп жаткан кыркка жакын чет өлкөлүк студенттер катышууда.

"Ага Азербайжан, Казакстан, Түркмөнстан, Румыния, Сербия, Молдова, Босния, Болгария, Греция, Йемен, Индия, Бангладеш жана Кыргыз өлкөсүнөн келип Түркияда окуп жаткан студенттер катышууда.

Алардын арасында 5 студент Кыргыз өлкөсүнөн Түркияга барып билим алып жаткандар болсо, дагы 5 студент Бишкектеги Кыргыз-Түрк "Манас" университетинен келишкен. Иш-чара Бухара, Самарканд, Ташкент шаарларында өткөрүлүүдө.

Студенттер Өзбекстандагы тарыхый жерлери, тарыхый окуялары, орто азиялык аалымдар, окумуштуулар, Өзбекстандын ММКсы, билим берүүсү, маданияты, тамак-аштары боюнча презентация жасашат, макалаларды окушат. Конгресстин алгачкы бөлүгү 7-майда Ташкент-Бухара жолунда автобуста илимий макалаларын баяндоо менен башталды. 8-майда Бухаранын тарыхый жайларында презентациялар жасалды жана Эски Бухара шаарына экскурсия уюштурулду.

Мындан кийинки бөлүк Самарканд, Ташкентте өткөрүлөт. Ошондой эле конгресске Түркиянын бир катар мамлекеттик уюмдары, Өзбекстандын айрым ММКлары жана Өзбекстандагы Түркия элчилиги колдоо көрсөтүүдө. Бул комитеттин иш-чаралары ар кайсы өлкөдө өткөрүлүп келет. 2016-жылы Кыргыз жеринде, Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүлгөн", - деп жазган окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bibi87
2018-05-09 14:41:07
Ташкентке келишсе мага кабарлап коюшсунчу
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан