Москвадагы кыргыздар Улуу Жеңиш күнүнүн 73 жылдыгына арналган "Өлбөс полк" жөө жүрүшүнө катышты. Бул тууралуу окурман "Элдик кабар" бөлүмүнө кабарлады.
"Бүгүн Москвадагы кыргыздар Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына арналган "Өлбөс полк" жөө жүрүшүнө катышты. Орусиянын убактысы боюнча 14:00дө башталган жөө жүрүштөн Кыргыздын желегин көтөрүп, жалпысынан 150дөн ашуун мекендешибиз өттү", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.