Аксынын Улук айылында мектеп окуучулары тарабынан өзгөчө жөө жүрүш болуп өттү. Бул тууралуу окурман "Элдик кабарга" билдирди.
Анын айтымында, айылда окуучулардын мындай ири парады буга чейин болгон эмес. Буга байланыштуу бул саамалык айыл эли үчүн айтарлык жаңылык болгон.
"Жүрүш кечээ, 9-майда Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына арналып өттү. Ага 500дөн ашык окуучу катышты. Окшош кийинип, ырдап, бир катарда баскан окуучуларды айыл эли толкундануу менен карап турду. Мындай иш-чаралар Жеңиш күнүнүн маанилүүлүгүн арттырат", - деп жазган окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.