"Бишкек шаарындагы Айни көчөсү 2 айдан бери жабык турат. Бирок анда оңдоо иштерин жасаган адам көрүнбөйт", - деп окурман "Элдик кабарга" WhatsApp аркылуу жазды.
Анын айтымында, аталган көчөдө оңдоо иштери акыркы 1-2 жумага чейин аз эле жолчунун катышуусунда жүрүп жаткан.
"Акыркы күндөрү бир да жол оңдогон адам жок. Тургундар жолдун жабыктыгынан бир топ ыңгайсыздыктарга кабылууда. Эмне үчүн мэрия бат эле бүтө турчу жумуштарды созуп жатат? Ошондо 3 чакырым жол 3 ай оңдолобу?" - деген окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.