ЭЛДИК КАБАР: "Бишкекте Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгындагы кезек күтүү сааттап созулат"

"Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгына барган айдоочулар кезек күтүү көпкө созулгандыктан кадимкидей эле уктап күн өткөрүшөт", - деп окурман "Элдик кабарга" жазды.

Анын айтымында, ал мындай узун кезек күтүүгө барган сайын туш болот жана абалдан эч бир өзгөрүүнү көрбөйт.

"Шаар тургундары анын ичинен унаа айдагандар өтө көп. Ар кандай жумуш менен келгендер бар, бирок тейлегендер аз. Буга кошумча кызматкерлердин түштөнүү убактысы 2 саат. Анда ансыз да узун кезек ого бетер көбөйөт. Айрым айдоочулар кадимкидей эле келип алып укташат. Мен да айдоочулук күбөлүгүмдү алуу үчүн келип канча деген жумушумдан калдым. Кана сапаттуу тейлөө? Сааттап кезек күттүрүүбү? Мындай абал Бишкекте эле эмес аймактарда да бар экенин билем. Качан системди өзгөртүшөт, качан жарандардын убактысын сыйлаган кызмат көрсөтүлөт?" - деп жазган окурман өзүнүн билдирүүсүндө.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
anonymous
2018-05-10 15:14:05
Качан праваны албай калганда жойулат
0
anonymous
2018-05-10 15:16:14
Гаи мент ХХХХХХХХХХХ чиркин
-2
admin_superstan
2018-05-10 16:50:12
anonymous, провокация жараткан билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат!
0
jbolotov
2018-05-10 15:48:03
Эн туура маселе, менда ушуну чыгарайын деп жургом. Анысы аз келгенсип тейлоо кызмат корсотуучулор кызмат озунун атасыныкынан калгандай ото маданиятсыз колхоз турундо. Кадам бассан акча умут этишкендер, бюджетке эмес чонтоко. Бишкек борбор шаары эмес эле бир колхоздогудай болуп калдыго.
0
Leilek91
2018-05-10 17:04:56
Менда уч кун мурда айдоочулук куболугумду алганы барсам иш убактысында иш ордунда жок копко кутуп калдым айтсан кайра озуно атырылат нарушения кылбай айдабайсынбы деп алардын эмне иши бар аны менен мен нарушения кылсам айыбын толоп жатам ар кандай болуп калат зебралар корунбой калган знактар корунуктуу жерде эмес
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан