Конгодо белгисиз себептерден улам 120 адам көз жумду. Бул тууралуу БУУнун Африка өлкөлөрүндөгү гуманитардык абал тууралуу докладында жазылган."100дөн ашуун адамдын өлгөнүнө карабай азыркы мезгилге чейин эпидемиологиялык абал боюнча эч кандай расмий иликтөө иштери жүрө элек", - деп жазылат докладда.
Айта кетсек, Итури аймагында өлкө башчысы Жозеф Кабил президенттиктен кетүүдөн баш тарткан соң алгачкы нааразычылык акциялары башталган. Кабил 2001-жылдан бери президенттик кызматты ээлеп келет. 2016-жылдын 20-декабрында ал кызматтан кетүүсү керек эле. Бирок азыркы убакка чейин өлкө башчысы бойдон калууда.
.