ЭЛДИК КАБАР: "Ак-Талаа районунда бир жыл мурун суу алып кеткен көпүрө оңдолбой, эл сууну кечип өтүүгө аргасыз" дейт окурман

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы негизги Ак-Тал-Чат көпүрөсүн суу алып кеткен бойдон жыл өтсө да оңдолбой турат. Мындай билдирүүнү "Элдик кабарга" окурмандар маалымдашты.

Билдирүүгө ылайык, бул көпүрө райондун борбору менен 4 айылдын элин байланыштырып турган.

"Жаңы-Талап, Тоголок Молдо, Кадыралы, Ак-Кыя айылдарынын тургундары райондун борборуна жетүү үчүн түмөн түйшүктөрдү тартат. Көпүрөнү реконструкция кылабыз дегенден бери бир жыл өттү, бүтпөй койду. Өтө зарыл болгон учурда эл сууну кечип өтүүгө аргасыз. Жакында окуучулар Жалпы республикалык тест тапшырууга барышы керек, бирок абал калыпка келбесе кантип барышат?" деген суроо жолдошкон окурмандар.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Ак-Талаадагы көпүрө оңдолбой жатат
Ак-Талаадагы көпүрө жок суу кечип өтүшөт
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Zainidin96
2018-05-14 13:46:33
Эхх биздин чондорго кудай Ыйман берсин качан онолушат бир озулору,бир кудай билет
0
Paprikafm
2018-05-14 19:12:51
Ушундай сууну кантип кечип отуп жатышат, оо кудайым, Соке Аша каяктыкыш карап олтурасынар,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан