"Ош-Эркечтам жолунун 32-чакырымындагы көпүрө кулап кетүү коркунучунда", - деген билдирүүсүн окурман "Элдик кабар" рубрикасына WhatsApp аркылуу жөнөткөн.
Келип түшкөн билдирүүгө ылайык, Кара-Суу районунун Лангар айылындагы "Ош-Эркечтам" унаа жолунан тынымсыз транспорт каттайт, арасында оор жүк ташуучу унаалар да көп.
"Тоодон түшкөн сел көпүрөнүн дамбасын жеп кеткен. Көпүрө оор жүк ташыган унаалар өтсө кулап кетиши мүмкүн. Кырсыктын алдын алуу аракеттери көрүлүшү керек, кыргызда "жаман айтпай жакшы жок" дейт. Кокустук болуп кетсе кеч болот", – деп жазган окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.