14-майда Өзбекстандан келе жаткан эл чек арадан өтө албай 2 саат турушкан. Бул тууралуу окурман "Элдик кабарга" билдирди. Анын айтымында, "Достук" чек ара бекети себепсиз жабык бойдон турган. Өзбек чек арачылары тургундарды 15 мүнөттөй текшерип, өткөрүшкөн.
"Жарандардын айтымында, мындай учур көп катталган. Эмне себептен өткөрбөй жатканын түшүндүрүшкөн жок. Караңгы, ызы-чуу. Бул карапайым элге ыңгайсыздык жаратууда", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.