Өзгөн шаарында айдоочулар жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдөгү белгиге маани беришпейт. Мындай билдирүүнү окурман "Элдик кабарга" жөнөттү.
Анын айтымында, жолдон жөө адамдар өтүүчү белгилерге айдоочулар унааларын токтотуп коюшат.
"Мындай учурда унаа менен жолдун кайсы жеринен өтүүнү билбей жүрө бересиң. Айрыкча балдарга кыйын жана кооптуу. Өзгөчө шаардын борборунда жайгашкан кең көчөнүн боюндагы паркка барган балдардан кооптонобуз. Ошол жердеги жөө адамдар өтүүчү өтмөктө да ар дайым унаа токтоп турат, балдар көчөнү айланып өтүүгө аргасыз. Шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү абалга көңүл бурат деп ойлойбуз", - деген ал билдирүүсүндө.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.