Парламентте милиция бөлүмүндө бычакталып көз жумган 20 жаштагы Бурулайдын окуясы боюнча маселе көтөрүлдү

Бурулай Турдали кызыМилиция бөлүмүндө бычакталып көз жумган 20 жаштагы Бурулай Турдали кызынын өлүмүнө тийиштүүлөр жазасын алышы керек. Мындай талапты бүгүн, 31-майда парламент жыйынында бир нече депутат айтып чыкты.

“20 жаштагы Бурулай аттуу кыз жакында эле ала качуудан улам көз жумду. Эгер кызды уурдашса, бул үй-бүлө үчүн уят. Мындай көрүнүш биздин улуттук көйгөйүбүз. Кыз ала качкан бала кызды милиция бөлүмүндө өлтүрүп жатат. Бул шалаакылык. Качан бул нерселер токтойт?” - деди депутат Айсулуу Мамашева.

Ошондой эле депутат Таабалды Тиллаев Мамашеванын пикирине кошуларын айтты. “Күнөөлүү орган кызматкерлери тийиштүү жазасын алышы керек. Бул ушул бойдон калып кетпесин”, - деди ал.

Эске салсак, 27-майда 29 жаштагы жигиттин кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча Биринчи Май РИИБине кабар келип түшкөн. Мындан көп узабай Сосновка айылындагы посттон Чүй ОИИББинин кызматкерлери Subaru Outback үлгүсүндөгү унааны токтотуп, 29 жаштагы жигиттин 20 жаштагы кызды үй-бүлө куруу максатында ала качып бара жатканын аныктап, Жайыл РИИБине жеткиришкен. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган. Ал эми жигиттин кесиптештери анын ичимдик ичпеген, ишине так бала экенин билдиришкен. Бул окуя боюнча Жайыл райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренеси (шалаакылык) боюнча Жайыл РИИБинин кызматкерлерине кылмыш ишин козгогон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tabyshmak
2018-05-31 14:29:01
Жайыл РИИбдин кызматкерлери да жоопко тартылуусу керек сөзсүз түрдө. Кантип аларды көзөмөлсүз калтырат? . Аны кантип укпай калат? Качан гана бычак сайылганда кыйкырык болбостон бычак сайылганга чейин деле ызы-чуу болсо керек эле... Бирөөнүн бой жеткен кызын РИИБдин ичинде коргой албасаңар түз эле ата-энесинин колуна жеткирип берип койбойт белеңер РИИБке алып кирбей эле...Же эмне эшиктин бузулуп калуусунан коркуп, качан өзү эшикти ачканда киребиз деп отура беришкенби?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан