Бишкекте 20 жаштагы кызды үй-бүлө куруу максатында ала качып кеткен жаран ага бычак сайды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 27-майда саат 22:00 чамасында Биринчи Май РИИБине 20 жаштагы кызды үй-бүлө куруу максатында уурдап кетишкени боюнча маалымат келип түшөт. Мындан көп узабай Сосновка айылындагы посттон Чүй ОИИББинин кызматкерлери Subaru Outback үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Унааны 29 жаштагы Б.М. аттуу айдоочу башкарып келе жаткан. Машинанын ичинде 30 жаштагы С.А. аттуу эркек киши жана 20 жаштагы Т.Б. аттуу кыз болгон. Алар Жайыл РИИБине жеткирилип, кабыл алуу бөлүмүнө 20 жаштагы кыз киргизилген. Бир аз убакыттан кийин ал бөлмөгө Б.М. кирип келип эшикти ичинен бекитип алган. Бөлмөдө уруш-талаштын дабышы чыкканынан улам эшикти талкалап кирген милиция кызматкерлери жерде канжалап жаткан кызды көрүшкөн. Ал эми ага кол салган жаран өзүнө да бычак сайган.
Жабырлануучу 20 жаштагы Т.Б. Жалал-Абад облусунда төрөлүп, Бишкек шаарында жашаган. Ал алган жаракаттарынан улам оорукананын жандандыруу бөлүмүндө көз жумган. Кызга кол салган жаран 29 жаштагы Талас облусунун тургуну болгон. Учурда шектүү оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат.
Ал эми унаадагы үчүнчү жүргүнчү С.А. Жайыл РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча иш козголуп, тергөө амалдары башталды. Ошондой эле окуя боюнча кызматтык иликтөө жүрө турганы айтылат маалыматта.