Депутат экс-депутаттын үстүнөн Башкы прокуратурага арыз жазды

Жогорку Кеңештин депутаты Сагындык Келдибаев экс-депутат Ыргал Кадыралиеванын үстүнөн арыз жазды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына депутат өзү билдирди.

Келдибаевдин айтымында, Ыргал Кадыралиева жалган айтып, анын ар-намысына шек келтиргени үчүн тийиштүү органдарга арыз менен кайрылды.

"Ыргал Кадыралиева жалган ушактарды тараткандыгы үчүн адвокатыма, жардамчыма айткам. Алар бүгүн УКМКга, сотко, прокуратурага арыз менен кайрылышты. Ал мага "кылмыш иши козголгон" деп калп маалыматтарды таратып жатат, тиешелүү органдар текшерип чыгып, баасын беришсин. Мага ушул күнгө чейин кылмыш иши козголгон эмес, мен алардын босогосун да аттаган эмесмин", - деди Келдибаев.

Эске салсак, кечээ, 20-июнда экс-депутат Ыргал Кадыралиева маалымат жыйын өткөрүп, Келдибаевдин кош жарандуулугу бар жана кызматынан пайдаланып жеке маселесин көтөрүү менен сотторго басым жасап жатат деп билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан