Экс-депутат: "Депутат Сагындык Келдибаев бүгүнкү күнгө чейин Орусиянын жараны"

Сагындык Келдибаев бүгүнкү күнгө чейин Орусиянын жараны. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда экс-депутат Ыргал Кадыралиева маалымат жыйынында билдирди.

"БШК Сагындык Келдибаевге Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү консулдугунан берилген документ менен гана мандат тапшырды. Консулдук берген документ мандат берүүгө негиз боло албайт, Кыргыз өлкөсүнүн ИИМинин атайын Жарандыкты аныктоо кызматы бар, ошол кызматтын же Орусия Федералдык миграция кызматы (ФМС) гана анын Орус жарандыгы жок экенин аныктайт", - деди Кадыралиева.

Айта кетсек, "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Алтынай Өмүрбекова вице-премьер-министр кызматына дайындалганына байланыштуу депутаттык мандатын тапшырган. Анын ордуна "Республика-Ата Журт" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Сагындык Келдибаевге 24-май күнү депутаттык мандат тапшырылган.

SUPER.KG порталы Жогорку Кеңештин депутаты Сагындык Келдибаевдин бул боюнча пикирин жарыялоого даяр. Азырынча анын жообун алуу аракети көрүлүүдө.

Буга чейин Сагындык Келдибаев Орусиянын жарандыгын 2014-жылдын 23-декабрында мыйзам чегинде тапшырып, шайлоого аттанганын журналисттерге айткан. "Кыргыз Республикасында туулгандан бери жашайм. 7-8 жыл Орусияда болгом. Мен туура эмес маалымат берип, жарандыгымды жашырган болсом, мыйзам чегинде жооп беришимди билем, ошондуктан мыйзам бузууга барган эмесмин жана барбайм дагы. Жарандыгым тууралуу жалган маалыматты тараткандар кимдер экенин билем", - деген Келдибаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан