Фарид Ниязов кеткенден бери президенттин аппарат башчысынын орду бош турат. SUPER.KG порталынын бул кызматка татыктуу кадр жокпу же башка себеби барбы деген соболуна КСДП фракциясынан депутат Аалы Карашев жооп берди.
Анын айтымында, президенттин аппарат жетекчиси кызматына татыктуу кадрлар бар. "Бул түз эле мамлекет башчыбыздын укугу. Учурда аппарат жетекчиси кылдаттык менен ар тараптуу изилденип, тандалып жатат деген ойдомун", - дейт Карашев.
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев, жарандык активист Адил Турдукулов, саясий серепчи Марс Сариев, Бакыт Бакетаев, Марат Казакбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.