Менин жерим: Кыргыз Эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун кичи мекени Ак-Жол айылы тууралуу баян

"Менин жерим" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагы тууралуу сөз болот. Өзүнүн тарыхы, атактуу инсандары тууралуу SUPER.KG порталына айылдын жашоочусу Бексултан Айтикеев баяндап берди. Ал эми кээ бир малыматтар интернет булактарынан алынды.



Ак-Жол айыл аймагы 1924-жылы уюшулган, айыл аймагына 9 айыл кирет.

Алар:

Ак-Жол (борбор) - 563 кожолук; Райкомол - 344 кожолук; Тегерек - 241 кожолук; Жолборсту - 157 кожолук; Кечүү - 155 кожолук; Кызыл Бейит - 76 кожолук; Разан Сай - 57 кожолук; Кара-Тыт - 49 кожолук; Күрп-Сай - 32 кожолук;

Жалпы аянты 19 миң 400 чарчы метр, калкынын саны - 8 миңден ашат. Бишкек шаарынан алыстыгы - 530 чакырым, жакынкы аэропортко чейинки аралык - 78 чакырым. Деңиз деңгээлинен бийиктиги - 2 миң метр.

Биздин айылдан таланттуу залкар инсандар көп чыккан. Мисалы, жазуучу Төлөгөн Касымбеков, күү атасы Ныязалы Борош уулу, төкмө акын Токтосун Тыныбеков, Кыргыз эл акыны Темиркул Үмөталиев, төкмө акын Шекербек Адылов, акын Зайырбек Ажыматов.

Жазуучу Төлөгөн Касымбеков Аксы районундагы Ак-Жол кыштагында 1931-жылы 15-январда туулган.
Ал 2011-жылы 17-июнда 80 жашында дүйнөдөн кайткан.

Кен байлыктары боюнча айылдан көмүр, алтын кендери чыгат. Азыр күзүндө элдин басымдуу бөлүгү көмүрдө иштейт жана бизде айыл аймагында жаңгак көп өсөт. Айрыкча атап кеткен 9 айылдын Жолборсту, Райкомол Кечүү айылдарында көп жаңгак өсөт. Мындан сырткары кара өрүк (кайналы) өсөт. Аймакта климат дагы өзгөчө жайы салкын, кышы жылуу болот.

Коомдук ишмерлерден Кубанычбек Жумалиев Ак-Жол айылынан жана Жогорку Кеңештин депутаты Үмбеталы Кыдыралиев да биздин айылдын кулуну. Айылдын 90 пайызы таза суу менен камсыз болгон, атайын булактан суу ичишет.

Айылда технология жетиштүү, заманбап 4G интернет орнотулган.

Жалпы билим берүүчү мектептер - 8;

Жалпы окуучулардын саны - 1 миң 536;

Мугалимдердин саны - 141

ФАПтардын саны - 5.
Бир үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, бир маданият үйү жана 3 китепкана бар.

Айыл чарба багытындагы жерлердин жалпы аянты - 20 миң 816 .
SUPER.KG порталы сиздин айылыңыз тууралуу кызыктуу баяндаманы чагылдырууга даяр. Сиз жашаган айылда же шаарда кооз жаратылыш, тарыхый баалуу жай, өнөрлүү адамдар барбы? Балким эл уга элек, көрө элек көп кызыктар сиздин айылыңызда бар чыгар. Аны бардык окурмандарга бөлүшүүнү, жумурай журтка жарыялоону сунуш кылабыз. Урматтуу окурман, сиз да айылыңыз тууралуу сыймыктанып айтып бергиңиз келеби? Анда SUPER.KG порталына +996 557 473 939 номерине WhatsApp аркылуу маалымат, сүрөт, видео жөнөтүңүз. Ар бир айыл атак-даңкка татыктуу!
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
take1984
2020-10-30 21:38:50
биздин айыл укмуш кереметтүү
+1
aerforce
2020-11-01 10:29:31
Керемет жерго Аксы жери
0
asefsa
2020-11-01 12:10:14
Биздин айыл,атындан айланайын Ак Жолум!
Осуп оно берсин!
0
nazgul1905
2020-11-01 14:15:43
Айылым алтын бешигим,жерибиздин кооздугун ай!!! Керемет!!! Бексултан аяш уулума ыраазычылык билдиремин Москвадан!!!
0
nur090909
2020-11-02 02:08:33
Акжол айыл өкмөткө киребиз. Бирок менин айылым Кечүү айылы. Бул жерде сүрөтү жок экен.Тоолор мн курчалган керемет жерде туулуп өскөнүмө миң ирет, ыраазымын. Биздин айылдан тоого чыгып карасаң, өтө кооз көрүнүш. Баткендин, Чаткалдын, Аксынын тоолору, булут мн тең тургандай болотго чиркин.Ал эми жаңгак токой мн да бир сыймыктана алам.Берекелүү,ырыскылуу,таза булактан,суу ичип,тоолордо чоңойгонума шүгүр.Ошон үчүнда Мекенди эл жерди сүйүп кадырына,жетким келет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан