"Эл ташып бара жаткан маршруттук такси кырсыкка кабылды" деген билдирүүсүн окурман "Соңку кабар" бөлүмүнүн "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына жөнөткөн.
"Бүгүн, 10-июлда эртең мененки саат 8:20лар чамасында №206-маршруттук такси менен Nissan үлгүсүндөгү автоунаа сүзүштү. Жол кырсыгы Жаш Гвардия бульвары менен айланып өтмө жолдун кесилишинде катталды. Маршруттук таксинин айдоочусу телефон менен сүйлөшүп келе жаткан. Бактыга жараша, жабыркагандар жок. Эл ташып эмгектенген айдоочулар жүргүнчүлөрдүн өмүрү үчүн жоопкерчилик алган соң жол эрежелерин сактап, тобокелчиликке барышпаса жакшы болмок", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.