Мамбетжунус Абылов: "Канат Исаев бийлик менен сүйлөшүп алды" деп айтылып жаткан сөзгө кошулбайбыз"

"Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев Баш мыйзамды өзгөрткөнгө каршы болгону жана шайлоодо бийликке алып чыккан талапкерди колдобогону үчүн ага карата кылмыш иши козголгон" деп бүгүн, 19-июлда маалымат жыйында Канат Исаевди коргоо комитетинин мүчөсү Мамбетжунус Абылов билдирди.

Анын айтымында, Исаевдин ишинде эч кандай кылмыштын курамы жок.

"Бизди "кылмышкерлерди коргоп жатат" деп жаман көрүп, каралай башташкан. Исаевдин кармалышында кылмыштын курамы жок болгон үчүн ал үй камагына чыгып жатат. Ошондой эле тергөө учурунда аны менен бирге камалгандарга Исаевге каршы көрсөтмө бергиле деп мажбурлаган. Исаев бийлик менен сүйлөшүп алды деп коомчулукта айтылып жаткан маалыматка кошулбайбыз”, - деди Абылов.

Кечээ, 18-июлда Канат Исаев үй камагына чыгарылган.

Эске салсак, Канат Исаевге Башкы прокуратура тарабынан 2017-жылдын 30-сентябрь күнү "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, УКМК тарабынан кармалган. 5-июлда Биринчи Май райондук соту депутат Канат Исаевдин мурунку баш коргоо чарасын күчүндө калтырып, ишти кайра тергөөгө жөнөткөн.

Буга чейин Исаевге козголгон дагы бир кылмыш иши мөөнөтү өтүп кеткендиктен 28-июнда токтотулган. Мындай чечимди Бишкек шаардык соту чыгарган. Исаев 2008-2010-жылдары Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда "пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп айыпталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан