super.kg logo

Канат Исаев үй камагына чыгарылды. Ал апасы менен учурашуу үчүн Токмок шаарына бет алды

 

Бүгүн, 18-июлда Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Анын айтымында, Исаев бүгүн саат 15:00дө Бишкек шаардык сотунун чечими менен үй камагына чыгарылды. "Ал "биринчи кезекте апам менен учурашам" деп Токмок шаарына бет алды", - дейт Шыкмаматов.

Эске салсак, Канат Исаевге Башкы прокуратура тарабынан 2017-жылдын 30-сентябрь күнү "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, УКМК тарабынан кармалган. 5-июлда Биринчи Май райондук соту депутат Канат Исаевдин мурунку баш коргоо чарасын күчүндө калтырып, ишти кайра тергөөгө жөнөткөн.

Буга чейин Исаевге козголгон дагы бир кылмыш иши мөөнөтү өтүп кеткендиктен 28-июнда токтотулган. Мындай чечимди Бишкек шаардык соту чыгарган. Исаев 2008-2010-жылдары Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда "пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп айыпталган.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(2)
19.07.2018. 12:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
04-07-2017
Соӊку аракети:
21-09-2018 16:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Омурбек Текебаев жана Садыр Жапаровда ушинтип чыгарылып уйлоруно эсен аман барышса экен ооомин.Омурбек Текебаев жакында созсуз чыгасыз деген умутомун
19.07.2018. 12:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
04-07-2017
Соӊку аракети:
21-09-2018 16:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Урматтуу соттор.Текебаевди актагыла.ал чыкса силерге эч нерсе кылбайт корпой эле чыгара бергиле.саясатчылар алсыз болуп бараткандай.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114526;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: