Өзбекстандын президенти
Шавкат Мирзийоев 61 жашка толду. Ал 1957-жылы 24-июлда Өзбекстандын Жизак облусунун Заамин районунда туулган.

Шавкат Мирзийоев дарыгерлердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Атасы Миромон Өзбекстандын Заамин районундагы кургак учук боюнча аймактык оорукананы башкарган, ал эми апасы ошол эле ооруканада медайым болуп эмгектенген. Бирок апасы кургак учук илдетин жуктуруп алып каза болуп калган. Ошентип Шавкат жана анын эки карындашы энесинен эрте ажырап калган. Кийин атасы татар кызына үйлөнүп, андан эки балалуу болгон.

Мирзийоев 24 жашында Ташкентте ирригация жана мелиорация боюнча айыл чарба институтун аяктап, инженер-механик адистигине ээ болгон. Окуусун аяктаган соң ошол эле институтта кичи илимий кызматкер болуп иштеп, техника илимдеринин кандидатына чейин жеткен. 35 жашында ошол эле институттун биринчи проректору болуп дайындалган.

Шавкат Мирзийоевдин саясий ишмердүүлүгү акимдик кызматтан башталып, мажилистин депутаты, губернатор дагы болгон. Кызматтан кызматка көтөрүлүп отуруп 46 жашында мурунку президент
Ислам Каримовдун сунушу менен Өзбекстандын өкмөт башчысы болуп дайындалган.

Мирзийоев президенттик шайлоодо жарандардын 88,61 пайыз добушун алып жеңишке жеткен. 2016-жылдын 13-декабрында парламенттин токтому менен Өзбекстандын премьер-министрлик кызматынан бошотулган. Ал эми 14-декабрда салтанаттуу түрдө ант берип президенттик кызматына киришкен.

Шавкат Мирзийоевдин жубайы
Зироатхон (Ойхон)
Хошимова Кокон шаарында туулган. Ташкенттеги инженерлер ирригациясы жана айыл чарба механизациясы институтунда окуп жүргөндө болочок жолдошу менен таанышкан. Ал мезгилде Шавкат Мирзийоев институтта иштеп жаткан. Жубайлардын
Шахноза жана
Саида аттуу эки кызы жана
Алишер аттуу уулу бар. Кыздары турмушка чыккан.

Эсиңиздерге сала кетсек, өткөн жылдын сентябрь айында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев иш сапары менен Кыргыз мамлекетине келген учурда аны жубайы коштоп келген. Дал ошол учурда кыргыз интернет колдонуучулары ханайымдын сулуулугуна, келбетине суктанып, биринчи айым учактан түшөрү менен талкуу
чордонунда болгон.