Өкмөт таза суунун тарифин жогорулатканы жатат. SUPER.KGпорталынын "Элдин эң башкы байлыгын өкмөт элге кымбат сатышы керекпи?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева жооп берди.
Ал таза суу маселеси өлкөдө эң биринчи көйгөй экенин белгилөө менен таза сууга болгон бааны көтөрүү туура эместигин айтты.
"Бул абдан татаал жана маанилүү маселе. Ичүүчү суу - Кыргыз жериндеги эң биринчи көйгөйлөрдүн бири. Айрым айылдарда таза суу маселеси, сугат маселеси көп көйгөйлөрдү жаратат. Ошондой эле таза суу көйгөйү биздин балдарыбыздын, келечек муунубуздун саламаттыгы менен байланыштуу. Тилекке каршы, биздин өлкө таза суунун кени болгону менен, айрым айылдарда суу жетишсиз.
Менин оюмча, сууга болгон бааны элге көтөрбөш керек. Биз, парламент, элге таза суу жеткирүү үчүн акча бөлдүрүүгө даярбыз. Суунун баасын көтөрүүнүн ордуна, мисалы, алтын кенине болгон бааны көтөрүү зарыл. Себеби алар таза суу менен алтын жуушат. Ошондой эле ар түрдүү өндүрүш ишканалары бар. Ошолорго жогорулатуу зарыл. Сөзүмдүн аягында айтып коёюн, элге бааны көтөрбөш керек", - деди Алтыбаева.
Жогорку Кеңештин депутаты Мухтарбек Айнакулов, Улугбек Ормонов, Таабалды Тиллаев, укук коргоочу Калича Өмүралиева, экономист Кубан Чороевдин пикири төмөнкү шилтемеде.