Өкмөт таза суунун тарифин жогорулатканы жатат. SUPER.KGпорталынын "Элдин эң башкы байлыгын өкмөт элге кымбат сатышы керекпи?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Мухтарбек Айнакулов жооп берди.
Анын пикиринде, элди таза суу менен камсыздабай жатып баасын көтөрүү - жаңылыш ой.
"Биринчи калкты суу менен толук камсыздайлы, анан тарифти көтөрүү жөнүндө маселеге өтүшүбүз керек. Казынага акча түшүрүүнүн башка да жолдору бар, элдин ичип жаткан суусунан казына толтуруу туура болбойт. Башка жолдорду табыш керек. Акаевдин убагында "Таза суу" долбооруна деп далай акчаны жеп салышты. Эми эптеп акча таап, элге таза суу жеткирүүнү ойлоп жатсак, бааны көтөрөбүз дешет. Айрым айылдарда калк арыктан ылай суу ичип жатат. Ошол эле учурда Бишкекте кадам сайын унаа жуучу жайлар иштеп, унааларды таза суу менен жууп жатышат. Сууга болгон бааны ошолорго көтөрүшүбүз керек", - деди Айнакулов.
Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов, Айнуру Алтыбаева, Таабалды Тиллаев, укук коргоочу Калича Өмүралиева, экономист Кубан Чороевдин пикири төмөнкү шилтемеде.