Экс-президент Алмазбек Атамбаев Райымбек Матраимовго чыккан чечим тууралуу пикирин билдирди. Бул тууралуу билдирүүнү КСДП таратты.
“Бажыдагы уурулуктун бетин ачкан мамлекеттик ишмерлерди, Сапар Исаковду жана Кубанычбек Кулматовду камакка алуу жөнүндөгү чечим бул иш жүзүндө кызматынан бошотулгандан кийин жакшы жакка өзгөрүүлөр жана бажы төлөмдөрүнө кескин жогорулоо мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Бул - аты белгилүү “Раим-миллиондун” достору жана колдоочуларынын өч алуусу. Бүгүн элге Матраимов бажыдагы ордуна расмий түрдө кайтып келсе, келбесе да ал жана ага окшогондор өлкөдөгү ушул сыяктуу жана бюджет толтуруучу башка түзүмдөрдү иш жүзүндө башкара беришерин ачык билдиришти.
Тилекке каршы, менин президент Сооронбай Жээнбековдун жеке өзүнө, андан кийин 2018-жылдын 31-мартында элдин көзүнчө айткан кеңештерим менен эскертүүлөрүм эске алынган жок. Анын тегерегиндегилер тарабынан башталган коррупция менен укмуш күрөшүп жаткандай түр көрсөтүүгө жамынып алып, саясий оппоненттерден өч алуу бийликтин кадырын кетирет", - деп жазылат билдирүүдө.
Айта кетсек, бүгүн, 25-июлда Биринчи Май райондук соту Райымбек Матраимовдун Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматына кайра коюу боюнча чечим чыгарган.
Эске салсак, Исаков Матраимовду 2017-жылдын 23-ноябрында "иши саясий жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет" деген жүйө менен Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан алган. 26-апрелде Матраимов "мени негизсиз жумуштан алды" деп Исаковду сотко берген. Матраимов жумуштан мыйзамсыз алынганын белгилеп, кайра өз кызмат ордуна дайындалуусу керектигин талап кылган.
Белгилей кетсек, Сапар Исаков Бишкек ЖЭБ боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде 5-июнда УКМКнын тергөө абагына эки айга камакка алынган.