Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитети телефондорду каттоодон өткөрүү боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарганы коомдо кызуу талкууга алынды. Ар бир телефонду каттоодон өткөрүү үчүн 100 сом өлчөмүндөгү каражат төлөө керек. SUPER.KG порталынын "Максимдин 60 тыйынына чыдабаган эл Жээнбековдун 100 сомуна кандай мамиле кылат?" деген соболуна Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан жооп берди.
Ал өлкөгө киргизилген телефондорду каттоо мурдатан бери эле жүрүп келгенин билдирди.
"Бажы кызматы эшек такалап жүргөн жок да! Эшек такалап жүргөн болсо, анда Бажы кызматын такаласын, элибизде эмне айып?! Контрабанда боюнча мамлекеттик органдар тиешелүү ишин жүргүзүшү керек. Өкмөттүн токтом долбооруна келсек, буга негиз болгон мыйзамдын 3 жыл мурда кабыл алынганын эч кимибиз көргөн эмеспиз. 3 жыл мурда болобу, 300 жыл мурда кабыл алынабы, элге каршы келсе, аны жокко чыгаруу керек. Анда эмнеге Бакиевдин 60 тыйыны калып калган жок? Мындай жокко чыгарылган мыйзамдар, чечимдер ондоп саналат. А, балким, жүздөп саналат.
100 сомду телефонду сатып алып жаткан кардар эмес, телефонду сырттан алып келген ишкер төлөйт деп жатышат. Анан телефонго, каттоого төлөгөн ишкерлер телефонду элге бекер береби? Ал 100 сомду кийин телефондун өздүк баасына кошуп коюу аркылуу сатып алуучудан эле өндүрүп алат. Эгерде каттоо үчүн баары бир импорттоочулар төлөй турган болушса, элге зыяны жок болсо, анда төлөмдү 100 миллион сом эле кылып коюшпайбы? Бул жерде телефондорду жарандардын наамына каттоо тууралуу сөз болуп жатат. Жарандардын наамына каттоонун өзү эле жарандардын укугун бузуу болуп саналат. Бул демократиялык өлкөдө жарандарды толугу менен артынан аңдуу эмеспи? Буга кошумча жарандардан акча шылып алуунун дагы бир ыкмасы. Аңдуу жана ошол эле учурда ал үчүн акча да алуу - бул наадандыктын жеткен чеги. Интернет өнүккөн заманда "элге пайдалуу", "өнүккөн өлкөлөрдө ушундай" деген аргументтер "жомок" эле экени оңой билинип калат. Өнүккөн өлкөлөрдө мунун баары бекер жасалат. Сим-карта каттоого алынат, кийин сим-картанын номери берилери менен телефондун имей-коду автоматтык түрдө окулат. Кыргыз мамлекетинен 1000 сомдукпу, 1000 долларлыкпы телефонун көтөрө келип Малайзияда, Кореяда студент болуп, эмгек мигранты болуп бир нече жылдап жашап жаткан жарандарыбыз бар. Алардын баары эле телефонун каттатпай эле колдонуп жүрүшөт. Мындан тышкары миллиондогон туристтер келген өлкөлөрдүн биринде да телефондорду "кыргыз" же "кыргыз эмес" деп каттоого албайт. Жергиликтүү сим-картаны алдың, ошонун өзү жетиштүү. Кыргыз өлкөсүнө келген туристтер кантет? Алар телефондорун чек ара бекетинен каттатып киришеби? Чек арада ансыз деле тыгын болуп турчу эле.
Өкмөткө айтарым, уят болбой эле бул демилгесин кайтарып алышсын. Азырынча болгону идея катары айтылса да, ал жарыялангандан кийин элдин бийликке мамилеси терс жакка өзгөрө баштайт. Ушуга окшогон демилгелер алгач тар чөйрөдө талкууланып, анан элге сунушталса жакшы болмок. Кээ бирлери калыс пикир айтканым үчүн мени оппозицияга “айдай” башташты. Эгерде премьер-министр Мухаммедкалый Дүйшекеевич бул демилгени колдоодон баш тартса, анда элге зыян демилгени көтөрүп чыккан аткаминерлердин өзүн оппозицияга айдаш керек", - дейт Кылычбек Султан.
Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Искандер Гайпкулов, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Эшмамбет Аматов, экс-депутат Асия Сасыкбаева, саясий серепчи Алмазбек Акматалиев, мурдагы премьер-министрдин кеңешчиси Гүлнура Төралиева, Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо боюнча агенттигинин мурдагы директору Эсенкул Момункулов, юрист Улан Жумаковдун пикири төмөнкү шилтемеде.