КҮНСОБОЛ: Максимдин 60 тыйынына чыдабаган эл Жээнбековдун 100 сомуна кандай мамиле кылат?

Тектеш кабарлар: КҮНСОБОЛ (404 материал)

Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитети телефондорду каттоодон өткөрүү боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарганы коомдо кызуу талкууга алынды. Ар бир телефонду каттоодон өткөрүү үчүн 100 сом өлчөмүндөгү каражат төлөө керек. SUPER.KG порталы "Максимдин 60 тыйынына чыдабаган эл Жээнбековдун 100 сомуна кандай мамиле кылат?" деген собол салды.

ГАЙПКУЛОВ: "Максимдин 60 тыйыны" менен азыркы телефонду каттоодо алынган 100 сомдун айырмасы бар"

Жогорку Кеңештин депутаты Искандер Гайпкуловдун пикиринде, "Максимдин 60 тыйынына" окшобойт, ал пайда табуу үчүн болсо, азыркы долбоор мыйзамсыз иштерге бөгөт коюу максатында жасалууда.

"Максимдин 60 тыйыны" менен азыркы телефонду каттоодо алынган 100 сомдун айырмасы бар. Бул долбоор өлкөгө аткезчилик жол менен келген телефондорду алдын алуу болсо, анда бул туура долбоор. Учурда өлкөгө мыйзамсыз жол менен ташылып келген телефондор көп экени баарыбызга белгилүү. Максимдин 60 тыйыны ал таза пайда табуу үчүн болчу, ал жерде ар бир чалуудан каражат түшүп турчу. Азыркы долбоордо ар бир телефонго гана акы төлөнүүдө, каттатуу үчүн баары бир кызмат акысына төлөйбүз да, ал жерде иштеген кызматкерлер бар", - деди Гайпкулов.

СУЛТАН: "Өкмөт башчы элдин чөнтөгүнө кол салгысы келгендерди оппозицияга айдашы керек"

Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан өлкөгө киргизилген телефондорду каттоо мурдатан бери эле жүрүп келгенин билдирди. "Бажы кызматы эшек такалап жүргөн жок да! Эшек такалап жүргөн болсо, анда Бажы кызматын такаласын, элибизде эмне айып?! Контрабанда боюнча мамлекеттик органдар тиешелүү ишин жүргүзүшү керек. Өкмөттүн токтом долбооруна келсек, буга негиз болгон мыйзамдын 3 жыл мурда кабыл алынганын эч кимибиз көргөн эмеспиз. 3 жыл мурда болобу, 300 жыл мурда кабыл алынабы, элге каршы келсе, аны жокко чыгаруу керек. Анда эмнеге Бакиевдин 60 тыйыны калып калган жок? Мындай жокко чыгарылган мыйзамдар, чечимдер ондоп саналат. А, балким, жүздөп саналат.

100 сомду телефонду сатып алып жаткан кардар эмес, телефонду сырттан алып келген ишкер төлөйт деп жатышат. Анан телефонго, каттоого төлөгөн ишкерлер телефонду элге бекер береби? Ал 100 сомду кийин телефондун өздүк баасына кошуп коюу аркылуу сатып алуучудан эле өндүрүп алат. Эгерде каттоо үчүн баары бир импорттоочулар төлөй турган болушса, элге зыяны жок болсо, анда төлөмдү 100 миллион сом эле кылып коюшпайбы? Бул жерде телефондорду жарандардын наамына каттоо тууралуу сөз болуп жатат. Жарандардын наамына каттоонун өзү эле жарандардын укугун бузуу болуп саналат. Бул демократиялык өлкөдө жарандарды толугу менен артынан аңдуу эмеспи? Буга кошумча жарандардан акча шылып алуунун дагы бир ыкмасы. Аңдуу жана ошол эле учурда ал үчүн акча да алуу - бул наадандыктын жеткен чеги. Интернет өнүккөн заманда "элге пайдалуу", "өнүккөн өлкөлөрдө ушундай" деген аргументтер "жомок" экени оңой эле билинип калат. Өнүккөн өлкөлөрдө мунун баары бекер жасалат. Сим-карта каттоого алынат, кийин сим-картанын номери берилери менен телефондун имей-коду автоматтык түрдө окулат. Кыргыз мамлекетинен 1000 сомдукпу, 1000 долларлыкпы телефонун көтөрө келип Малайзияда, Кореяда студент болуп, эмгек мигранты болуп бир нече жылдап жашап жаткан жарандарыбыз бар. Алардын баары эле телефонун каттатпай эле колдонуп жүрүшөт. Мындан тышкары миллиондогон туристтер келген өлкөлөрдүн биринде да телефондорду “кыргыз” же “кыргыз эмес” деп каттоого албайт. Жергиликтүү сим-картаны алдың, ошонун өзү жетиштүү. Кыргыз өлкөсүнө келген туристтер кантет? Алар телефондорун чек ара бекетинен каттатып киришеби? Чек арада ансыз деле тыгын болуп турчу эле.

Өкмөткө айтарым, уят болбой эле бул демилгесин кайтарып алышсын. Азырынча болгону идея катары айтылса да, ал жарыялангандан кийин элдин бийликке мамилеси терс жакка өзгөрө баштайт. Ушуга окшогон демилгелер алгач тар чөйрөдө талкууланып, анан элге сунушталса жакшы болмок. Кээ бирлери калыс пикир айтканым үчүн мени оппозицияга “айдай” башташты. Эгерде премьер-министр Мухаммедкалый Дүйшекеевич бул демилгени колдоодон баш тартса, анда элге зыян демилгени көтөрүп чыккан аткаминерлердин өзүн оппозицияга айдаш керек", - дейт Кылычбек Султан.

БЕКЕШЕВ: "Телефондорду каттоону акысыз кылуу керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев телефондорду 100 сомдон каттоодон өткөрүү боюнча өкмөттүн токтомуна нааразы экенин айтты. "Өкмөт токтом долбоорун даярдап жатканда мыйзамдагы нормаларга таянышы керек. Каттоо төлөмдөрү жөн эле киргизилбей, жаранга пайда келтириши зарыл. Тейлөөдөн жарандар пайда көрүшү керек. Бул жерде өкмөт эле пайда көрөт. Өкмөт мындай жол менен көмүскө экономикадан чыгабыз деп жатат. Ооба, андай көйгөй бар, бир топ уюлдук телефондун бажы төлөмдөрү төлөнбөй келет. Бирок бул Бажы кызматынын көйгөйү. Биз буга уруксат берсек, анда башка органдар ушундай маселени көтөрүшөт. Телефондорду каттоо туура эле. Бирок каттоо акысыз болуусу шарт", - дейт Бекешев.

АМАТОВ: "Бул долбоорду "Максимдин 60 тыйынына" салыштырууга болбойт"

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Эшмамбет Аматов бул нерсени "Максимдин 60 тыйынына" салыштырууга болбой турганын белгиледи.

"Бул жерде элге тиешеси жок, эл бир тыйын да төлөбөйт. Бул жерде телефонду сырттан биздин өлкөгө алып келе жаткан ишкер ошол телефонду каттатып жатканда төлөйт. Бул долбоордун максаты - телефон чын эле ошол тийиштүү маркага таандык компаниядан чыктыбы же жасалма телефонбу, ошол нерсени аныктоо. Ар бир компания телефонго код коёт, ошол кодду тактоо керек, ал такталгандан кийин гана биз аны каттоодон өткөрөбүз. Бизде аткезчилик жол менен келген телефондор көп, ошолор кирип жатканда текшерүүдөн туура эмес чыкса ал телефондор Кыргыз жеринде иштебейт. Бул долбоорду "Максимдин 60 тыйынына" салыштырган туура эмес, ал такыр башка нерсе", - деди Аматов.

АКМАТАЛИЕВ: "Бул эл аралык практикада ийгиликтүү колдонулган долбоор"

Саясий серепчи Алмазбек Акматалиев бул сунушталган долбоор - эл аралык практикада ишке ашкан пайдалуу долбоор, Кыргыз өлкөсүндө ишке ашса пайдасын берет деген ойдо. "Бул долбоор мыйзамдагы нормалардын алкагында сунушталып жатат. Бийликтин ойлоп табуусу эмес. Токтом долбоор эл аралык практикада колдонулган. Биз кечигип кадам жасап жатабыз. Учурда ар бир адам колдонуп жүргөн телефон акысыз катталат. Каттоо акысын эл эмес сырттан телефон ташып, чек арадан өткөрүп жаткан ишкерлер төлөйт. Бул сунушталган долбоордун жакшы жагы уурдалган телефондор иштебей калат, колдонууга болбойт. Ошондой эле өлкөгө мыйзамсыз жол менен ташылган телефондор токтойт. Бир коркунуч бар, телефонго болгон баанын көтөрүлүшү. Эми 100 сомдон ашык кымбаттабайт деп үмүттөнөм. "Максимдин 60 тыйынына", албетте, кээ бир окшоштук бар. Бирок бул жерде таптакыр башка жагдай. 2-3 жылда бир телефонду алмаштырып калсаң 100 сом кошумча төлөнөт. Коопсуздук жагы чечилсе, бул акча чоң деле каражат болбойт", - деди Акматалиев.

ТӨРАЛИЕВА: "Бул долбоор ишкерлердин капчыгына зыян алып келбеши керек"

Мурдагы премьер-министрдин кеңешчиси Гүлнура Төралиева бул долбоор талкууга чыккан соң көптөгөн адамдар каршы пикирин билдирип жатышат деген пикирде. "Эгер мамлекет телефондорду каттоого алуу аркылуу аткезчиликке бөгөт коюлат, бул коопсуздук үчүн аябай зарыл деп эсептесе анда каттоону акысыз жүргүзүшү керек. Болбосо эл бул нерсени колдоого албайт. Элдин да бийликке болгон ишеничи жоголот. Эгерде каттоону акылуу жүргүзүшсө анда эл эмне себептен акы төлөп жатканын билүүсү керек. Каттоодон түшкөн акча кайсы жакка жумшала турганын ачык айтып көрсөтүү керек. Бул жай тургундарга эмес, телефонду ташып келүү менен алектенген ишкерлерге тиешелүү. Бул долбоор ишкерлердин капчыгына зыян алып келбеши керек", - дейт Төралиева.

МОМУНКУЛОВ: "Каттоону акысыз жүргүзсө бул долбоор колдоо табат"

Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо боюнча агенттигинин мурдагы директору Эсенкул Момункуловдун айтымында, бул маселе өкмөткө караштуу, президентке тийиштүү эмес. "Негизи бул төлөмдү элге эмес, телефонду алып келгендерге жүктөсө туура болот. Бирок, албетте, алар кайра эле телефондун баасын көтөрүп элге төлөтөт. Коопсуздукту күчөтүү үчүн ар бир телефонду каттоодон өткөрүү туура деп ойлойм. Бул көп өлкөлөрдө натыйжалуу иштеп жаткан нерсе. Бирок өлкө аймагына жаңы кирген телефондор үчүн гана акы алып каттоодон өткөрүү зарыл. Ал эми элдин колдонуп жаткан телефондорун акысыз каттоо керек. Ошондо эл колдонуп, бул нерсенин артыкчылыктарын түшүнгөн соң туура кабыл алып, бул долбоорду колдоп кетишмек. Ал эми өлкөгө кирген коноктордун телефонун 3 күндөн кийин өчө тургудай кылып убактылуу каттоого алып койсо туура болот", - деди Момункулов.

ЖУМАКОВ: "Жарандардын чөнтөгүнө уялбастан кол салуу коркунучтуу натыйжа бериши мүмкүн"

Юрист Улан Жумаковдун айтымында, президент Сооронбай Жээнбеков УКМКнын төрагасына, ички иштер министрине, сотторго мыйзам чегинде өз иш милдеттерине ылайык иштөөгө мүмкүнчүлүк берди. "Ошондой эле өкмөткө дагы аткаруу бийлиги толугу менен берилди. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев командасын өзү тандаган. Бардык аракеттери үчүн өзү жооп бериши керек. Бирок акыркы айларда өкмөт экономикалык кризистен чыгуу боюнча натыйжа бербей жатат. Тышкы карыз, бюджеттин тартыштыгы өсүүдө. Өкмөт башчынын командасы суунун тарифин көтөрүүнү чечти. Энергетика тармагында кандай жакшыртуулар бар? Эми өкмөт телефондорду каттоо аркылуу пайда көрөюн деп жатат. Алар "жаңы аппараттар гана каттоодон өтөт" деп бизди сооротууда. Бирок биз өмүр бою эски телефон менен жүрбөйбүз да. Каттоодон өткөрүү үчүн төлөнгөн 100 сом телефондордун баасына таасирин бере турганын баарыбыз билебиз. Бул нерсени алар аткезчилик жол менен келген телефондорду алдын алуу деп түшүндүрүп жатат. Эмнеге бул каражатты эл төлөшү керек? Өкмөт элдин нааразычылыгын көрүп турса дагы алар менен эсептешпей жатат. Ошондуктан көпчүлүк бул көрүнүштү "Бакиевдердин 60 тыйынына" окшоштуруп жатышат. Азыр дагы элдин чөнтөгүнөн акча алуунун бир аз өзгөртүлгөн схемасы пайда болду. Эртең компьютер, ноутбук жана башка техникаларды каттоодон өткөрүү керек деп чыгышабы? Сим-карталарды каттоодон акысыз өткөргөндөй эле телефондор дагы каттоодон акысыз өтүүсү зарыл. Жарандардын чөнтөгүнө уялбастан кол салуу коркунучтуу натыйжа бериши мүмкүн", - деди Жумаков.

САСЫКБАЕВА: "Бул долбоордун максаты - элден акча чогултуу"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Асия Сасыкбаева өкмөт телефондорду каттоо аркылуу элден акча чогултууну көздөп жатат деген пикирде.
"Казынаны толтуруу үчүн элден акча чогултуу туура эмес. Өкмөткө ошончолук эле акча керек болуп жатса, анда башка булак табуу керек. Мисалы, айрым адамдар бирдик жүктөө үчүн акча таппай жүрөт. Бүгүнкү күндө 100 сом 3-4 күндүк нандын акчасы. Телефонду каттоо деп айрымдардын нанын тартып алган туура эмес. Кечээ бул долбоордун демилгечилери маалымат жыйын өткөрүп, өлкө аймагындагы телефондорду каттоодо акча алынбайт дептир. Бул алардын актанып жаткан сөзү. Биринчи тараткан маалымат туура болгон. Коомчулуктун каршы пикиринен кийин "сырттан келген телефондорду каттоого гана акча алынат" деп өзгөртө салышты. Сырттан келген телефондор үчүн салык бар да, каттоо үчүн да ар бир телефондон 100 сом алса, ал ишкерлерге эле зыян. Ансыз деле телефондор өлкө аймагына кирерде аны ташып келген адамдар тарабынан катталат.
Өкмөт элден акча талап кылбай, тескерисинче, элдин техниканы, интернетти колдонуп, анын жардамы менен өнүгүп жатканы үчүн ырахмат айтуусу керек", - деди Сасыкбаева.

Мурдагы премьер-министрдин кеңешчиси Талант Султанов ар кандай себептерге байланыштуу комментарий берүүдөн баш тартты.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан