Мурдагы премьер-министрдин кеңешчиси Гүлнура Төралиева: "Телефондорду каттоо боюнча токтом долбоор ишкерлердин капчыгына зыян алып келбеши керек"

Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитети телефондорду каттоодон өткөрүү боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарганы коомдо кызуу талкууга алынды. Ар бир телефонду каттоодон өткөрүү үчүн 100 сом өлчөмүндөгү каражат төлөө керек. SUPER.KG порталынын "Максимдин 60 тыйынына чыдабаган эл Жээнбековдун 100 сомуна кандай мамиле кылат?" деген соболуна мурдагы премьер-министрдин кеңешчиси Гүлнура Төралиева жооп берди.

Ал бул долбоор талкууга чыккан соң көптөгөн адамдар каршы пикирин билдирип жатышат деген пикирде. "Эгер мамлекет телефондорду каттоого алуу аркылуу аткезчиликке бөгөт коюлат, бул коопсуздук үчүн аябай зарыл деп эсептесе анда каттоону акысыз жүргүзүшү керек. Болбосо эл бул нерсени колдоого албайт. Элдин да бийликке болгон ишеничи жоголот. Эгерде каттоону акылуу жүргүзүшсө анда эл эмне себептен акы төлөп жатканын билүүсү керек. Каттоодон түшкөн акча кайсы жакка жумшала турганын ачык айтып көрсөтүү керек. Бул жай тургундарга эмес, телефонду ташып келүү менен алектенген ишкерлерге тиешелүү. Бул долбоор ишкерлердин капчыгына зыян алып келбеши керек", - дейт Төралиева.

Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Искандер Гайпкулов, Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Эшмамбет Аматов, экс-депутат Асия Сасыкбаева, саясий серепчи Алмазбек Акматов, юрист Улан Жумаков, Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо боюнча агенттигинин мурдагы директору Эсенкул Момункуловдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан