Бишкек шаардык кеңештин депутаты: "Ар бир фракция бирден талапкер чыгарууга укуктуу, бирок көпчүлүк коалиция бир талапкерге токтолду"

Азиз Суракматов КСДПнын эмес, көпчүлүк коалициянын талапкери экендигин шаардык кеңештин депутаты Эрнис Докенов эскертти. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-июлда SUPER.KG порталына билдирди.

"Ар бир фракция бирден талапкер чыгарууга укуктуу, бирок биз баарыбыз бир талапкерге токтолуп Суракматовду колдодук. Ал КСДПнын эмес, көпчүлүк коалициянын талапкери", - деди Докенов.

Бүгүн шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция Азиз Суракматовду мэрлик кызматка көрсөттү.

25-июлда шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев жана фракция лидерлери кафеде жолукканы белгилүү болгон. Социалдык түйүндөрдө жолугушууда мэрлик кызматка Азиз Суракматовду талапкер катары көрсөтүү боюнча сүйлөшүүлөр болгону божомолдонгон.

Эске салсак, 13-июлда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. 19-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ибраимовду кызматтан кетирүү токтомуна кол койгон.

Албек Ибраимовго "Дастан" ишканасын жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголгон. 19-июлда Ибраимов УКМК тарабынан кармалган.

Борбордук шайлоо комиссиясы мэрди шайлоону 8-августка белгилеген.

Буга чейин SUPER.KG порталы айрым булактарга таянып, мэрликке талапкерлиги көрсөтүлүшү мүмкүн болгон адамдарды тизмектеп чыккан.

Мыйзамга ылайык, Бишкек шаарынын мэри кызматына талапкерди сунуштоо укугу шаардык кеңештеги фракцияларда, коалицияларда жана премьер-министрде бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан