Жарандык коом Алтынай Өмүрбекованын талапкерлигин Бишкектин мэрлик кызматына көрсөтүүнү сунуштап жатат. Бул боюнча Өмүрбекованын жообу

Жарандык коом социалдык түйүндөр аркылуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын талапкерлигин Бишкек шаарынын мэрлик кызматына көрсөтүүнү сунуштап жатат.

Өмүрбекова SUPER.KG порталына бул колдоо сыймык экенин билдирди. "Биринчиден, менин талапкерлигимди мэрлик кызматка сунуштап жаткан жарандык коомго рахмат. Мыйзам боюнча, мэрлик кызматка талапкерди шаардык кеңештеги фракциялар, премьер-министр көрсөткөнгө укуктуу. Мага алардан эч кандай сунуш түшкөн жок. Менин азыр ээлеп жаткан кызматым абдан жооптуу, жумуш көп. Жарандык коом мени колдоп жатканы сыймык. Мындан ары жакшы иштегенге түрткү болду", - дейт вице-премьер-министр.

Өмүрбекова шаардык кеңештеги фракциялар же премьер-министр анын талапкерлигин мэрликке көрсөтүү боюнча сунуш түшсө кандай чечим кабыл ала турганын айтты.

"Шаардык кеңештеги фракциялар же премьер-министр тарабынан менин талапкерлигимди мэрликке көрсөтүү боюнча сунуш түшсө ойлонуш керек болот. Азыркы ээлеп жаткан кызматым боюнча жумуш аябай көп, алдыда аткара турган иштер бар. Бул жарандык коомдун пикири болуп жатат. Расмий түрдө бул жөнүндө эч кандай сүйлөшүүлөр болгон жок", - деди ал.

25-июлда шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев жана фракция лидерлери кафеде жолукканы белгилүү болгон. Социалдык түйүндөрдө жолугушууда мэрлик кызматка Азиз Суракматовду талапкер катары көрсөтүү боюнча сүйлөшүүлөр болгону божомолдонгон. 26-июлда шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция Азиз Суракматовду мэрлик кызматка көрсөткөн.

Эске салсак, 13-июлда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. 19-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ибраимовду кызматтан кетирүү токтомуна кол койгон.

Албек Ибраимовго "Дастан" ишканасын жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголгон. 19-июлда Ибраимов УКМК тарабынан кармалган.

Борбордук шайлоо комиссиясы мэрди шайлоону 8-августка белгилеген.

Мыйзамга ылайык, Бишкек шаарынын мэри кызматына талапкерди сунуштоо укугу шаардык кеңештеги фракцияларда, коалицияларда жана премьер-министрде бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан