Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Үч-Коргон айылындагы көчөлөрдүн бирине "президент Сооронбай Жээнбековдун баннердеги сүрөтүн тосмо кылып коюп алган" деген билдирүүсүн окурман "Соңку кабар" бөлүмүнүн "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына жөнөткөн.
"Айылдагы борбордук көчөлөрдүн бирине Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун баннердеги сүрөтүнө ичке тактайларды (рейка) кагып, аны булганган абалда тосмо кылып коюп алган. Жанында үйүлгөн таштанды дагы турат. Бул Кыргыз баалуулуктарын тоготпогондукпу? Тиешелүү органдар көзөмөлдөп койсо жакшы болмок", - деген билдирүүсүн жазган.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.