Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтүнө 100 күн болот. SUPER.KG порталынын "Анын ишине кандай баа бересиз?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров жооп берди.
Ал бүгүнкү күндө Абылгазиевдин өкмөтүн толук кандуу иштеп жатат дегенден алыс экенин айтты. "Өкмөткө "канааттандырарлык" деген баа берсе болот. Негизинен аракеттер болуп жатат. Регламент боюнча, биз өкмөттүн 2018-жылы аткарган жалпы ишмердүүлүгүнө 2019-жылы баа беришибиз керек. 100 күндө өкмөт максаттарына толук кандуу жетүүсү оор. Ошондуктан азыр кемчиликтер бар. Бирок келечекте бул кемчиликтер жоюлат деген чоң үмүттөбүз. Бюджетти Жогорку Кеңеште мыйзам менен кабыл алабыз. Өкмөт аткарышы керек. 9 айда бюджеттин аткарылышынын киреше жана чыгаша бөлүгү кандай болуп жатканын такташыбыз зарыл. Менин оюмча, капиталдык салымдар боюнча курулуп жаткан объектилерге акча каражаттары кичине кечеңдеп берилип жатат. Ошондуктан бүгүнкү күндө капиталдык оңдоп-түзөтүүгө, жаңы социалдык объекттерди курууга акча каражаттары таптакыр бөлүнгөн жок. Азырынча өкмөттүн ишине баа берүү эрте. 2018-жылдын аягында бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн, капиталдык салымдар, ички дүң продукциянын, экономиканын өсүшүнө карап баа берсек болот", - деди Зулпукаров.
Жогорку Кеңештин депутаттары Урматбек Самаев, Максат Сабиров, экс-депутат Өмүрбек Абдрахманов, коомдук ишмер Манас Саматов, саясат таануучу Даниел Кадырбеков, жарандык активист Мавлян Аскарбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.