КҮНСОБОЛ: Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтүнө 100 күн болот. Анын ишине кандай баа бересиз?

Тектеш кабарлар: КҮНСОБОЛ (404 материал)

Жогорку Кеңеш 20-апрелде Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган өкмөт курамын бир добуштан колдогон. Абылгазиевдин өкмөтүнө 29-июлда 100 күн болот. SUPER.KG порталы "Анын ишине кандай баа бересиз?" деген собол салды.

ЗУЛПУКАРОВ: "Азыркы өкмөт толук кандуу эң жакшы иштеп жатат дегенден алысмын"

Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров бүгүнкү күндө Абылгазиевдин өкмөтүн толук кандуу эң жакшы иштеп жатат дегенден алыс экенин айтты. "Өкмөткө "канааттандырарлык" деген баа берсе болот. Негизинен аракеттер болуп жатат. Регламент боюнча, биз өкмөттүн 2018-жылы аткарган жалпы ишмердүүлүгүнө 2019-жылы баа беришибиз керек. 100 күндө өкмөт максаттарына толук кандуу жетүүсү оор. Ошондуктан азыр кемчиликтер бар. Бирок келечекте бул кемчиликтер жоюлат деген чоң үмүттөбүз. Өкмөттүн негизги мыйзамы бюджет болот. Бюджетти Жогорку Кеңеште мыйзам менен кабыл алабыз. Өкмөт аткарышы керек. 9 айда бюджеттин аткарылышынын киреше жана чыгаша бөлүгү кандай болуп жатканын такташыбыз зарыл. Менин оюмча, капиталдык салымдар боюнча курулуп жаткан объектилерге акча каражаттары кичине кечеңдеп жатат. Ошондуктан бүгүнкү күндө капиталдык оңдоп-түзөтүүгө, жаңы социалдык объекттерди курууга акча каражаттары таптакыр бөлүнгөн жок. Азырынча өкмөттүн ишине баа берүү эрте. 2018-жылдын аягында бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн, капиталдык салымдар, ички дүң продукциянын, экономиканын өсүшүнө карап баа берсек болот", - деди Зулпукаров.

КАДЫРБЕКОВ: "Азыркы өкмөттөн 100 күн өтөбү, 5 жыл өтөбү эч кандай үмүт жок"

Саясат таануучу Даниел Кадырбековдун пикиринде, бул өкмөт канча убакыт өтпөсүн реформа жасай албайт.

"Азыркы өкмөттөн 100 күн өтөбү, 5 жыл өтөбү эч кандай үмүт жок. Бул өкмөттүн колунан өзгөртүү, реформа жасоо келбейт. Өрт өчүрүүчү сыяктуу эле ачылган жерди жаап жүрө беришет. Андан сырткары эң кызыктуусу - бул өкмөттүн иши аркылуу президент сынга кабылат. Себеби Жээнбеков жаңы өкмөт түзүлүп жатканда өзүнүн ошол учурдагы аппарат башчысын өкмөт башчысы кылып чыгарып, саясий бийликти жана жоопкерчиликти өзүнө алган. Ошондуктан бул өкмөт президенттин эң чоң катасы жана жаңылыштыгы болуп чыгат. Бул өкмөттүн түзүмүндө толугу менен бюрократтар менен жылдап өкмөттө отуруп, бир реформа кылбаган, прогресске тоскоолдук жараткан, тез өзгөрүп жаткан дүйнө процессин түшүнбөгөн адамдар отурушат", - деди Кадырбеков.

САМАЕВ: "100 күн көп иштерди жасап салууга аздык кылат"

Жогорку Кеңештин депутаты Урматбек Самаев премьер-министрге дагы убакыт берүү керектигин айтты. "Мухаммедкалый Дүйшекеевич саясатка аралашпай, интрига менен алаксыбай өзүн экономист, адис катары чыныгы мамлекеттик кызматкер экенин көрсөтүп жатат. Мурунку премьер-министрлер саясатка аралашып, өздөрүн келечекте президенттикке тымызын даярдап, командасын түзүп, ушундай саясий интригаларга көп алаксычу. Өкмөт башчынын иштеп жатканы бар же жок экени билинбегенинде. Себеби ал пиар менен эмес, иш менен алек болуп жаткан болот. Ал эми суунун кымбатташы, телефондорду каттоого 100 сом деген шылтоолорду айтып, аны начар иштеп жатат деген туура эмес. Калыстык үчүн айтып коюш керек. Телефонду каттатуу мыйзамдуулукту, тартипти сактоо үчүн бүт дүйнөдө колдонулган нерсе. Анын үстүнө 100 сом карапайым калктын чөнтөгүнөн алынбайт. Башка жактан телефон ташып иштегендер каттатуу үчүн төлөшөт. Суу боюнча айта турган болсок, мисалы, 1 литр "Легенда" 20 сом болсо, 1000 литр карапайым калк колдонгон суу 5 сомго барабар. Аны 6-7 сом кылып кымбаттатып койгонун эл байкабайт деле. Кымбаттатуунун негизинде каражат көптөгөн айылдардагы суу түтүкчөлөрүн жаңылоо же жок жерлерге суу чыгаруу үчүн жумшалат. Бул бюджетке ошол тармакка кошумча акча табуу максатында кымбаттап жатат. Ал эми 100 күн көп иштерди жасап салууга аздык кылат. Убакыт бериш керек", - дейт Самаев.

АСКАРБЕКОВ: "Абылгазиевдин өкмөтүнүн өмүрү күзгө чейин"

Жарандык активист Мавлян Аскарбеков азыркы өкмөт ишти алдыга жылдырууда эч кандай чечкиндүү кадам жасай алган жок деген пикирде. "Калыс, ачык пикир айта турган болсок, жаңы бийликтин жаңы өкмөтү биз күткөн, биз ойлогон реформаны, өзгөрүүлөрдү алып келе алган жок. Элдин үмүтүн актай алган жок. Ушул өкмөтүбүздүн чабалдыгы президенттин аброюна көлөкө түшүрөт. Өкмөт учурда катанын артынан ката кетирип жатат. Суунун тарифин көтөрүү, телефондорду каттоо, ушул сыяктуу коомдун кызыкчылыгына каршы келген сунуштарды көтөрүп жатышат. Бул сунуштар өкмөттүн деңгээли кандай экенин көрсөтүп койду. Бүгүн бизде экономикалык реформалар жасалган жок. Мисалы, Абылгазиевдин Армения өкмөт башчысы Никол Пашинян, Сингапурдун премьер-министри болгон Ли Куан Ю сыяктуу чечкиндүү кадамдарга барганын же болбосо айтылган идеяларын көрө алган жокпуз.

Бул өкмөттүн өмүрү ушул күзгө чейин, менин оюмча, президент тарабынан жаңы өкмөттүн курамы каралып, күздө жаңы реформаторлук, техникалык, экономикалык кадамдарга басым жасаган өкмөттүн келиши зарыл. Учурда өкмөт эптеп эле тынч отурушубуз керек деген позицияны карманып калды. Буларды да түшүнсө болот, кечээ өкмөттө иштеп кеткендер камалып, натыйжада буларда дагы коркуу сезими пайда болуп, алдыга кадам жасай албай, иш токтоп калды. Өкмөт коркпогон, күчтүү, эрктүү адамдардан түзүлүшү керек. Азыркы өкмөттүн унааларга болгон бажы төлөмүн азайткан чечимин кубаттадым. Бирок бул чечим да кеч кабыл алынды. Бул деген 100 күндө кабыл алынчу иш эмес, 3 күндө чечиле турган иш", - деди Аскарбеков.

САБИРОВ: "Азырынча чоң реформаларды көрө элекпиз"

Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров азырынча чоң реформаларды көрө электигин белгиледи. "Ротациялар, кызматка дайындоолор болуп жатат. Өкмөт башчы азыр пландаштыруу иши жүрүп жатканын айткан. Азырынча өкмөткө баа бериш оор жана эрте. Премьер-министрдин эң негизги жумушу - мамлекеттин ичиндеги экономиканы көтөрүп анан ошол облустардын административдик өкүлдөрүнүн иштерин жакшыртуу. Азыр баягы мурда келе жаткан жумуштар аткарылып жатат. Бирок жаңы эч нерсе боло элек", - деди Сабиров.

АБДРАХМАНОВ: "Азыркы өкмөт реформа жасай албайт"

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Абдрахманов мамлекеттик башкаруу системи өзгөрмөйүнчө өкмөттүн ишинде өнүгүү болбой турганын айтты. "Өкмөт башчы 100 күндүн ичинде көзгө көрүнөрлүк эч нерсе жасаган жок. Анткени азыркы бийликтегилер реформаторлор эмес, жөн гана куттуу кишилер. Мисалы, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен салыштырууга таптакыр мүмкүн болбойт. Алар деген демократияга умтулган адамдар. Биздин өкмөт башчы жөн гана жакшы киши. Өкмөт реформа жасоо үчүн адегенде мамлекеттик башкаруу системин өзгөртүү керек. Азыркыдай башкаруу системи менен эч качан өнүгүү болбойт. Реформаны айыл өкмөттөрдөн баштоо зарыл. Жергиликтүү айыл башчыларынан тартып, бардык мамлекеттик кызматкерлерди эл шайлашы керек. Райондорду кыскартуу керек же таптакыр эле жоюп салуу зарыл. Азыр эл өзүн-өзү эле багып жатат. Мамлекеттин эч кандай жардамы деле жок. Дүйнөлүк тажрыйбада мыйзамдардын 95 пайызын өкмөт жазып, "биздин программабыз ушундай, колдоп бергиле" деп сунуш кылат. Ошондо реформа болот", - деди Абдрахманов.

САМАТОВ: "Өкмөттүн иштеген ишинин жыйынтыгы көрүнө элек"

Коомдук ишмер Манас Саматов азыркы өкмөт 3 ай ичинде коомдогу бир дагы көйгөйлөрдү чече элегине токтолду. "Азыркы өкмөт башчынын иштеген ишинин жыйынтыгы көрүнө элек. Бизге мындай өкмөттүн кереги да жок. Иштей турган адам бир жумада эле өзүнүн программасы, сүйлөгөн сөзү, баскан-турганы менен эле билинет. Мындай өкмөттүн отузу келип кетти. Бул деле ошол эле, эч кандай өзгөрүү жок. Айыл чарбасы жөнүндө сөз да кылууга болбойт. Адегенде өкмөт башчы жок дегенде коомдогу көйгөйлөргө анализ жасап, ишти эмнеден баштоо тууралуу өз пикирин билдирүүсү керек. Мисалы, чечилбей жаткан кен байлыктар, мигранттардын көйгөйү жана башка орчундуу маселелер толтура. Ошондой эле мамлекеттик кызматкерлердин саны кыскарышы зарыл. Алакандай уруксат кагазын жазып берип, митедей болуп элдин моюнуна минип отурган мамлекеттик кызматкерлер толтура. Көчөдөгү жол коопсуздук кызматкерлеринин ишмердүүлүгү жолго салына элек. Ушуга окшогон элдин нааразычылыгын туудурган иштердин бирин дагы жасай алган жок”, - деди Саматов.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан