Экс-депутат Өмүрбек Абдрахманов: "Азыркы өкмөт реформа жасай албайт"

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтүнө 100 күн болот. SUPER.KG порталынын "Анын ишине кандай баа бересиз?" деген соболуна Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Абдрахманов жооп берди.

Өмүрбек Абдрахманов мамлекеттик башкаруу системи өзгөрмөйүнчө өкмөттүн ишинде өнүгүү болбой турганын айтты. "Өкмөт башчы 100 күндүн ичинде көзгө көрүнөрлүк эч нерсе жасаган жок. Анткени азыркы бийликтегилер реформаторлор эмес, жөн гана куттуу кишилер. Аларды, мисалы, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен салыштырууга таптакыр мүмкүн эмес. Алар демократияга умтулган адамдар. Биздин өкмөт башчы жөн гана жакшы киши. Өкмөт реформа жасоо үчүн адегенде мамлекеттик башкаруу системин өзгөртүү керек. Азыркыдай башкаруу системи менен эч качан өнүгүү болбойт. Реформаны айыл өкмөттөрдөн баштоо зарыл. Жергиликтүү айыл башчыларынан тартып, бардык мамлекеттик кызматкерлерди эл шайлашы керек. Райондорду кыскартуу керек же таптакыр эле жоюп салуу зарыл. Азыр эл өзүн-өзү багып жатат. Мамлекеттин эч кандай жардамы деле жок. Дүйнөлүк тажрыйбада мыйзамдардын 95 пайызын өкмөт жазып, "биздин программабыз ушундай, колдоп бергиле" деп сунуш кылат. Ошондо реформа болот", - деди Абдрахманов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Төрөбай Зулпукаров, Урматбек Самаев, Максат Сабиров, коомдук ишмер Манас Саматов, саясат таануучу Даниел Кадырбеков, жарандык активист Мавлян Аскарбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан