Бишкектин экс-мэри, Бажы кызматынын мурунку башчысы Кубанычбек Кулматовдун жактоочусу Сергей Слесарев сот системине нааразычылык билдирип, президентке кайрылат. Бул тууралуу ал бүгүн, 31-июлда SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, сот системин реформалоо дагы деле ишке ашпай келет.
"Жогорку Сот Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз калтырды. Алар айыпталуучуну үй камагына чыгарып же күрөө менен бошотсо болот эле. Жогорку Сот өлкөдөгү эң акыркы инстанция болчу. Эми сот системиндеги көйгөйлөрдү, андагы мыйзамсыз иштер боюнча президентке кайрылабыз", - деди Слесарев.
Бүгүн Жогорку Сот Кулматовду 28-августка чейин камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырды.
Буга чейин 5-июнда Биринчи Май райондук соту Кулматовдун баш коргоо чарасын карап, 28-июнга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган. Андан соң ушул эле сот Кулматовду камакта калтырып, мөөнөтүн 28-августка чейин узарткан. Кубанычбек Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.
30-июлда Бишкек шаардык соту мурдагы мэр Албек Ибраимовду камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырган.
Эске салсак, Албек Ибраимовго "Дастан" ишканасын жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголгон. 19-июлда Албек Ибраимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан кармалып, Биринчи Май райондук соту тергөө аяктаганга, тагыраагы, 29-августка чейин камакта калтырган.