Экс-мэр Нариман Түлеев мэрди шайлоону токтотуп туруу боюнча: "Жарандык активисттердин шаардыктардын атынан сүйлөгөнү туура эмес"

Жарандык активисттер Бишкек мэрин шайлоону токтото турууну талап кылып, атаандашсыз өтүшүнө каршы чыгышууда. SUPER.KG порталынын "Сиз бул демилгени колдойсузбу?" деген соболуна Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеев жооп берди.

Анын айтымында, шаар башчыларын эл шайлай турган тартипти ушул шайлоодон кийин киргизиш керек.

"Мэрликке талапкерлигин койгон Азиз Суракмактовду тааныйм. Анын талапкерлигин колдойм. Ал эми жарандык активистпиз деп Калича Өмүралиева жана башкалар жүрөт. Бирок алардын шаардыктардын атынан сүйлөгөнү туура эмес. Алардын ар биринин өзүнчө кызыкчылыгы бар. Өздөрү да мэрликке ат салыша берсе болот эле да. Эч ким аларга тоскоол болгон жок. Мэрди шаардык кеңештин депутаттары эмес, шаар тургундары шайлашы шарт деген пикир эң туура. Биз мэрди эл шайласын деп мурда эле Алмазбек Атамбаевге айтканбыз. Тилекке каршы, Атамбаев бийликке келгенге чейин "эл шайлайт, УКМКны жоём" деп алып, келгенден кийин тескерисин кылбадыбы. Ушул шайлоодон кийин жаңы мыйзам киргизип, мэрди эл шайлай турган кылса жакшы болмок. Депутаттарды карап көрсөңөр баарынын шаарда жеке кызыкчылыктары бар. Алар клан-кланга бөлүнүшкөн. Белгилүү үй-бүлөлөр, белгилүү кландар бар. Аймактык топторго бөлүнүп кетишкен", - деди Түлеев.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков, БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов, укук коргоочу Токтайым Үмөталиева, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Асылбек Кадралиев, саясат таануучу Эмил Жураев, Жалал-Абад шаарынын экс-мэри Максат Жээнбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан