ЭЛДИК КАБАР: "Кызымды бала бакчадан тайпалышы денесинин ар кайсы жеринен тиштеп салып, ооруканада жатабыз" дейт окурман

"Бала бакчада кызымды бир бала 15 жолу денесинин ар кайсы жеринен тиштеп салып, азыр ооруканада жатабыз" деген билдирүүсүн окурман "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына жиберген.

"Биз Бишкек шаарында жашайбыз. Кызыбызды 1 жашында эле менчик бала бакчага алып барганбыз. Барганына 1 ай болгон. 1-августта саат 12:00дө кызымды өзүнүн тайпасындагы бир бала бетинен, денесинин ар кайсы жеринен 15 жолу тиштеп салыптыр. Биз "эмнеге караган эмессиңер?" деп тарбиячыга айтсак, ал "кызыңар эрте уктап калган. Ошондо жанына жакын жаткан бала барып тиштеп салыптыр. Ал бала буга чейин башка кыздын колун тиштеп салган" деп жатат. Биз ооруканага барсак, дарыгерлер кызарып, көк болгон жерлер тиштелгенин айтты. Азыр ооруканада жатабыз. Бул окуя боюнча бала бакчанын жетекчисине кайрылганыбызда, ал кызымдын дарылануусуна жардам берерин айткан. Бирок ооруканада жатканыбызда келип, 200 сом карматты да "ушул жардамыбыз, ушуну менен бүттү" деп кетип калды. Ушундай окуяларды териштире турган жактар барбы?" - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (37)
asman.81
2018-08-04 16:18:54
Супер жообун алып берсенер жакшы болот эле.Кызына муздак шамалды да ыраа корбойсун го.Байкуш кызды ошончо тиштетип койгон тарбиячыны иштен бошотуп койбой,тиешелуу жазасын бериш керек.
+5
Aikyt
2018-08-04 16:51:39
Уфф иий журогум ооруп кетти
+3
bema_bema
2018-08-04 17:01:11
Иий байкушум,тиштеп атса кантип уктап атсын элестетип денем дуркуроп кетти.Кичинекейим десе аябай кичинекей экен садике бербей бир эки жыл карап чонойтпопсун.Карабай таштап койгон окшойт садикте,мынчалык тиштегиче озу деле ыйласа керек.Супер инфо сиздерден сураныч журналистик иликтөө менен жакшылап аягына чейин териштиресиздер деген үмүттөмүн.Бала деп жашап жүрөбүз,барган сайын ушундай көрүнүш көп болуп бирөөгө ишениш кыйын болуп калат экен.
+7
Baicho_0707
2018-08-04 17:11:11
Сотко бериш керек,милдетин алгандан кийин жоопкерчилик болуш керек.Азыр жоопкерчиликке тартпаса мындан кийин да ушундай нерселер боло берет.Башка мамлекеттерди карагылачы кок ала эмес кичинекей нерсе болсо эле коомчулук ызылдап атып сотко чейин жеткиришет,биз болсо унчукпайбыз ошол учун 200 сом берип кетти да уяты жоктор!? Бул мындай калбаш керек сотко бериниз.
+4
gulzat91
2018-08-04 18:18:20
Жогоруда айтылган созго кошулам,бул тарбиячынын эле колунан келди!Озунун колу тийип,чымчып же чапты анан из калганда балага оодара салды!Бала эмне ошончо мыкаачылык менен кыйнамак беле,катуу козомолго алып териштириш керек!Унчукпай койсо дагы канча бала кордук корот!
+4
Nevestkaa
2018-08-04 19:05:28
Тайпалашы тиштесе бир эки жерин кызартып тиштейт эле,чоң эле адам чымчып ,чаап,апчып алгандай го.Байкушум жаның катуу ооруп кыйналгандыр батырак айыгып кетсин,апасына айтаарым кичине балага ключ бербеңиз анда канча микроб бар анан да жутуп алышы да мүмкүн (2-4-сүрөттө)Кызыңыз жакшы болуп кетсин,укук коргоо органдары жакшылап текшергиле.
+5
Feiza1982
2018-08-04 20:34:41
Короого койду камагансып баарысын бир комнатага тыгып алып отурасынар бала бакчаларда.Кантип ушунча тиштегенче көрбөй укпай калдынар деймда ? Акча десе аласынар тим эле какшап сайрап.
+2
Benazir08
2018-08-04 21:36:41
А сары кыз десе шок бала тиштеген окшойт бирок акылга сыйбаган нерсе эки тиштегенде эле чынырат да кыз уктап кандай жата берет?! Тарбиячы эшек такалап отуруппу тел чукуп? Ушу бала бакчага тел карматпаш керек тарбиячылар эстери ооп эле тел тиктешет бала ойноп атабы оонап жатабы чатактары жок. Мн балам да наалат эле каратып туруп чочсун чыгарып балдардын кийимине бетине фантан кылдым деп сийип иет эле эми балада. Бирок 15жолу тиштебейт буда бир нерсе бар уруп салгылашыптыр да
+1
meni_kut
2018-08-06 10:34:06
Benazir08,бала да детей тарбиялагыла Ошо баланы,так нельзя деп.Бала да дейт уялбай
0
Aijamal9487
2018-08-05 00:40:54
Бала бакчага бербегиле ал айласыздын иши эч ким мээрим тогуп карабайт.Ачкычты оззуна салып ататго ошону да карабасанар жутуп алат .
+1
mir85
2018-08-05 10:18:47
Бир жолу тиштегенде эле бакырып ыйлайт да. Жүгүрүп келип ажыратып калыш керек эле да.15жолу тиштегиче чыңырып ыйлады да ошону кантип укпайт.Тарбиячы ар бир бала үчүн уголовно жооп берет.
+1
Umakg
2018-08-05 12:39:34
Жаш бала тиштеген эмес чон эле аламдайго билбейм дагы текшериш керек ал бакчаны жабыш керек сотко берип....
+1
Umakg
2018-08-05 12:40:15
Адамдайго
0
kenje-888
2018-08-06 09:28:18
Бул болгон окуяны комуского, унутта калтырбай жеринен иликтеш керек!!! Башка бала бакчаларга да сабак болсун! Менин кызым да 1 жашынан барган бала бакчага тологонубуз айына 5000 сом. Бир куну кызымдын бетин тиштеп алыптыр чоноюп эле калган бала. Барып тарбиячысын баштап баланын ата энесине чейин ызылдаганбыз эсимде.
0
Shahrizaada
2018-08-06 14:26:04
Кантип бетинен баштап, жамбашына чейин тиштесин, ары оонатып,бери оонатып тиштегенби уктап жатса. Бети,колундагыларды го мейли ишенсе болот, жамбашындагы такарга ишениш кыйын болуп атат негедир.
0
vikidiki
2018-08-08 20:40:27
Балдарын менчик садикке бергендер, берген тамагынан баштап, кун тартибин бут изилдебесенер, алардан баарын кутууго болот. Башымдан откон. Буларда бир мандем бар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан