ЭЛДИК КАБАР: "Балдарыма жөлөк пул чыгартууга "бодо малы жок" деген аныктама сурап жатат. Бул туурабы?" дейт окурман

"Балдарыма жөлөк пул чыгартууга соцфонддон "бодо малы жок" деген аныктама сурап жатат. Бул туурабы?" - деген билдирүүсүн окурман "Элдик кабарга" WhatsApp аркылуу жазып жөнөткөн.

Ал Ош облусундагы Кара-Суу районунун Жоош айыл өкмөтүндөгү айылда жашай турганын билдирген.

"Социалдык фонд бөлүмүнө барсам жердин, суунун салыгын төлөгөн квитанцияларды сурады. Мындан тышкары өзүмдүн да, аялымдын да унаасы жок деген 2 аныктама алдым. Анын ар бири 120 сомдон берилет экен. Андан кийин "Үйүндө бодо малы жок" деген аныктама алып кел деп жөнөтүштү. Ветеринарга барсам эч ким менден андай аныктама алган эмес деп таң калып жатат, мындай аныктама кагазын сураганы туурабы?" - деп жазган тургун өзүнүн билдирүүсүндө.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
tilek121277
2018-08-06 13:38:39
Өлуп эле бүтө турган болду го соцфондон бодо мал жөнүндө сураса
+8
Missing-u
2018-08-06 13:45:34
Уйундо телевизор гилем бар экен бербейбиз дейт акырында бардык справканы алып барсан))))
+14
jasgul
2018-08-06 13:46:39
пособияны соцфонд эмес соцразвития чыгарат.
+4
Busurmankul
2018-08-06 13:59:21
Урматтуу айым же мырза! Жөлөк пулду соцфонддон социалдык өнүгүү башкармалыгы деген ишканадан дайындайт. Ошондуктан тактап анан жазыңыз.
0
ilbirs
2018-08-06 14:13:21
Жолок пулду уй-булонун социалдык абалына карабай берилиши керек. Ошондо жогурудагыдай тийешеси жок кагаздар азаят (жок болот) жана тен укуктуулук сакталат. Колунда бардын баласын ботондун баласындай кылбай.
+2
uli1234
2018-08-06 14:21:36
Садиктерди да көзөмөлдөп текшерип койуш керек билим министири. Баламы алып барсам орун жок деди эле. 5миң берсем места таап берди. Акчаң болсо орун таап берет экен
+7
Dalil
2018-08-06 14:55:45
uli1234, андай жерлер толтура. Мен балдарыма жөлөк пул алуу үчүн бүт документтерин алып тиешелүү жерге барсам, биздин аймакты тейлөөчү иш ордунда жок экен. Телефон номерин алып чалсам бүгүн мен барбайм эгер документтериң толук болсо ошол жердеги кишиге таштап кете бер деп айтты. 2 күндөн соң ал жерде иштеген таанышым келип өзүң жолук дегенинен кирсем документиң толук эмес деп колума карматты. Чыгып эле 500 сом салып кайра кирдим да берсем ачып карады да бара бер 2 айдан кийин ала баштайсын деди.
+4
Dalil
2018-08-06 14:25:35
Бодо малы бар же жок экенин айыл округунан үй-бүлөсү жана жашагандыгы тууралуу аныктама берегенде эле алар кайсы жерге алып жатканыңды сурап, өздөрү жазып коюшат эле. Анткени алардын чарба китебинде баары катталат. Ветеринар андай аныктама бербейт.
+5
Ermekbai
2018-08-06 15:01:33
Атаңа бар энеңе бар кылыптырда
+3
momun74
2018-08-06 15:02:15
Бир билемда телевизор, холодильнигин жокпу дешчу ошолор болсо жолок пул чыкчу эмес апам чуркап 5айбы чуркаган анан 4кызына 11сомдон 44сом чыккан ошондон кийин ушундай нерселерге убакыт коротуп чуркагым жок андан коро иштеп эле таап алам деп коем мамлекет оной жол мн акча бербей калдыго
+3
Frunze2
2018-08-06 15:03:24
Туура эмес. Жолок пул алуу учун "бодо малы жок" деген справка талап кылынбайт. Канча малын болгону боюнча справка суралышы мумкун.

Мисалы 100 кою же 30 ую бар туруп жолок пул алчуларга жолок пул беришпейт дегендей. Ошондуктан интернеттен "министерство труда и социалного развития" деп таап, телефонуна чалып тактап алгыла. Болбосо прокуратурага арыз менен кайрылгыла, мыйзамда жок нерсени сурап, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып жатканы учун, ким сураса да
+6
binur5
2018-08-06 15:13:43
Бизде жолок пул алыш деле кыйын болуп калдыго.Албай эле койгон жакшы окшойт
+2
talaa11
2018-08-06 15:24:58
Биздин балдардын эки айлык пособиясын оздору алып анан чыгарып беришкен
+5
Frunze2
2018-08-06 15:53:35
talaa11, бардык жерде ошол. Коррупция...
+5
Dalil
2018-08-06 15:28:03
Негизи ушул жөлөк пул бергендеги талабы туура эмес. Б.а сен жөлөк пул алгың келсе анда жакырчылык жашоодон чыкпай жаша дегени. Жөлөк пулду кимдер алат? Негизинен жаңы эле балалуу болуп же жаңы үйгө бөлүнүп жашоонун нугуна түшө элек жаш үй-бүлөлөр алат. Алар иштесе да стажы аз болгондуктан эмгек акысы да аз чыгат. Анан сенин унааң уюң бар экен деп бербей койгону, жаңыдан турмуш жолуна түшүп там-туң баскан үй-бүлөнү бутунан чалгандай эле болот.
+2
Zhoro
2018-08-06 15:50:26
Эмне десем да аздык кылат бодо малы болсо жылына берсе бир торпок берет, анын да туйшйгу бар торпогун кузундо сатсан бир жылдык чыгымына жетпейт, айта берсе соз коп берчу болсонор жолок пулду жон эле бер ДА! Жон эле бербештин гамын жебей
+3
momun74
2018-08-06 19:13:37
Zhoro,айтпагыла малга мал сатвп алып кошуп кобоцтпосон азыр заманда малдын артынан тушуп карап эзилип эзилип анан кобойтосун анан эле колунда бар дегенсип жолок пул берилбей кала берет же коррупция жолу мн эптеп тууралайсында
0
Rasul94
2018-08-06 18:54:53
Озу азыр канча суйунчу пул.пасобия
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан