"Биз демократиялык коом болгондон кийин өз пикирин билдирип митингге чыккандарды сыйлайм", - деп бүгүн, 8-августта Бишкек шаарынын мэри болуп шайланган Азиз Суракматов журналисттерге билдирди.
Суракматов алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бир пикирге келе турганын айтты.
"Мен азырынча команданы алмаштыруу боюнча ойлоно элекмин. Кыргыз мыйзамдарынын негизинде иш алып барам", - деди ал.
Эске салсак, Азиз Суракматов Бишкектин мэри болуп шайланды. Добуш берүүдө 43 депутат "макул", 1 депутат каршы болду.