Азиз Суракматовдун мэр болушуна 43 депутат "макул" деп добуш берди

Бүгүн, 8-августта Бишкек шаардык кеңеши шаар мэрин шайлайт. Шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция Азиз Суракматовду мэрликке талапкер кылып көрсөткөн. Ал эми оппозициялык фракция "Республика-Ата Журт", өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев талапкер сунуштаган эмес.

Мыйзамга ылайык, Бишкек шаарынын мэри кызматына талапкерди сунуштоо укугу шаардык кеңештеги фракцияларда, коалицияларда жана премьер-министрде бар.

Эске салсак, 13-июлда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. 19-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ибраимовду кызматтан кетирүү токтомуна кол койгон.

Албек Ибраимовго "Дастан" ишканасын жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголгон. 19-июлда Ибраимов УКМК тарабынан кармалган.

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоону 8-август күнү саат 9:00дөн 12:00гө чейин өткөрүүнү дайындаган.

9:32. Шаардык кеңештин депутаттары чогула элек.

9:39. Депуттар залга кире баштады. Шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев мэриянын аппарат кызматкерлерине депутаттарды чакырып келүүнү тапшырды.

9:42. "Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаттары жыйынга киришүүдө. Башка фракциялардын депутаттары толугу менен жайгашкан.

9:44. Сессияга 42 депутат катышып жатат. Жыйын башталып, Кыргыз Республикасынын гимни аткарылууда.

9:46. Шаардык кеңештин төрагасы жыйынга катышууга келгендерди тааныштырды. Ошондой эле туулган күнү өтүп кеткен депутаттарды куттуктады.

9:49. Ар бир фракция бирден мүчөсүн шайлоо комиссиясына мүчө кылып бекитишти.

9:52. Шаардык кеңештин депутаты Валентина Лисниченко шаар мэрлигине талапкердин программасын укпай туруп добуш берүүнү сунуштады.

9:53. Депутат Канатбек Мүзүралиев талапкердин программасын угууну, убакыт кенен экенин айтты. Ошондой эле сыртта митинг өтүп жатканын эскертти.

9:55. Валентина Лисниченконун сунушу добушка коюлуп, колдоо тапты. Депутаттар шаар мэрлигине талапкердин программасын укпай турган болду.

10:00. 5 мүнөттүк тыныгуу жарыяланды. Бул убакта мэриянын аппарат кызматкерлери бөлмөнү шайлоо өткөрүүгө даярдайт.

10:18. Бюллетендер саналып бүттү. Добуш берүү башталды. Депутаттар фракциядагы тизме боюнча чакырыла турган болду.

10:19. Депутаттар тизме боюнча чакырылып, добуш берип жатышат.

10:20. КСДП фракциясынан депутаттар тизме боюнча добуш беришүүдө.

10:29. "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутаттар тизме боюнча добуш берүүнү башташты.

10:37. "Кыргызстан" фракциясынан депутаттар добуш берүүнү баштады. Учурда КСДП, "Өнүгүү-Прогресс", "Мекеним Кыргызстан" фракциялары добуш берип бүтүштү.

10:39. Добуш берүү аяктады. Добуш берүүгө 44 депутат катышты.

10:45. 44 бюллетень саналды. Эми аларды "макул", "каршы" жана жараксыз деп бөлүү иши уланууда.

10:49. Азиз Суракматовдун мэр болушуна 43 депутат "макул" деп добуш берди. 1 депутат "каршы" добуш берди.

10:51. Жаңы мэрге салтка айланган чапан калпак кийгизилбей турган болду. Бул тууралуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы айтты.

10:54. Суракматов: "Мага ишеним көрсөткөнүңүздөргө рахмат. Сиздердин ишеничти актоого аракет кылам. Шаарды өнүктүрүүгө болгон аракетимди жумшайм. Бишкек - өз алдынча өнүгүп кете ала турган шаар", - деди.

10:55. Жыйын жабык деп жарыяланды.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан