Азиз Суракматов: "Камалам деп корккон жокмун. Мен таза иштейм"

Бишкек шаарынын мэри болуп шайланган Азиз Суракматов таза иштей турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 8-августта журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

"Буга чейинки мэрлердин камалуусу боюнча айтсам, мен да камалам деп корккон жокмун. Мен таза иштейм", - деди ал.

Айта кетсек, Азиз Суракматов Бишкектин мэри болуп шайланды. Добуш берүүдө 43 депутат "макул", 1 депутат каршы болду.

Албек Ибраимовго "Дастан" ишканасын жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголгон. 19-июлда Ибраимов УКМК тарабынан кармалган.

Кубанычбек Кулматовго 18-май күнү Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, 5-июнда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 28-июнга чейин камакка алынган.

Бишкек шаарынын мэрин шайлоо учурунда активисттер митингге чыгышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан