Депутат Данияр Төлөнов: "Коомдо өкмөттүн дарегине сындар айтылууда"

Таза суунун тарифин жогорулатуу, телефондорду 100 сом менен каттоо боюнча өкмөттүн демилгелери коомчулукта терс пикир жаратууда. Мындан улам күзүндө министрлер кабинети тарашы мүмкүн деген сөздөр айтыла баштады. Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган Кыргыз өкмөтүн күзүндө эмне күтөт?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Төлөнов жооп берди.

Ал өкмөттү күзүндө эмне күтүп жатканы боюнча алдын ала айтууга болбой турганын эскертти.

"Азыркы өкмөт программасы менен келген, биз аларды ошол программасы менен бекитип бергенбиз. Өкмөттүн ишине бир жылдык отчётуна карап баа берүү зарыл. Коомчулукта таза суунун тарифин көтөрүү боюнча сындар айтылып жатат. Суунун баасын көтөрүү боюнча талкуу болуп жатат. Чечим чыга элек. Бул маселе парламентке келет, биз өзүбүздүн пикирибизди айтабыз. Ар бир телефонду каттоодон өткөрүү үчүн 100 сом өлчөмүндөгү каражат төлөө боюнча дагы айрымдар каршы болууда. Бул төлөм жеке ишкерлерге коюлуп жаткандыктан, телефондун баасына таасир берет. Бул боюнча Жогорку Кеңеште дагы талкуу болот. Азырынча өкмөт жакшы же жаман иштеп жатат деп айтууга болбойт", - деди Төлөнов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Улугбек Ормонов, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Феликс Кулов, укук коргоочу Качкын Булатов жана саясий серепчи Нурсултан Акылбек, коомдук ишмер Сапар Аргынбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан