Укук коргоочу Качкын Булатов: "Азыркы өкмөттөн жашоо шарттын жакшырышын, экономиканын өнүгүшүн күткөм, бирок андай болгон жок"

Таза суунун тарифин жогорулатуу, телефондорду 100 сом менен каттоо боюнча өкмөттүн демилгелери коомчулукта терс пикир жаратууда. Мындан улам күзүндө министрлер кабинети тарашы мүмкүн деген сөздөр айтыла баштады. Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган Кыргыз өкмөтүн күзүндө эмне күтөт?" деген соболуна укук коргоочу Качкын Булатов жооп берди.

Ал алдыга жылган бир дагы иш болгон жок деген пикирде. "Өкмөттөн кандайдыр бир жашоо шарттын жакшырышын, экономиканын өнүгүшүн күткөм. Тилекке каршы, эч кандай өзгөрүү болгон жок. Бир дагы систем оңолгон жок. Ошондой эле сот системинде, укук коргоо органдарында, прокуратурада реформа жок. Баягы Акаев, Бакиев, Атамбаевдин заманындагыдай эле болуп жатат. Коррупцияга каршы күрөштө ЖЭБдин иш алкагында гана жүрүп жатат. Жаңы эч кандай иш жасалган жок. Алдыга жылууну көргөн жокмун", - деди Булатов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Данияр Төлөнов, Улугбек Ормонов, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Феликс Кулов, саясий серепчи Нурсултан Акылбек жана коомдук ишмер Сапар Аргынбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан